Камчы Көлбаев боюнча кийинки соттук отурум 23-апрелге белгиленди
Бүгүн, 18-апрелде кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өттү. Жыйында жабырлануучулар суралды. Ал эми Көлбаев өзүнө тагылып жаткан айыптарга макул эместигин билдирди. Жыйын соңунда сотко төрагалык кылуучу Абдыразак Боронбаевдин чечими менен кийинки соттук отурум 23-апрелге белгиленди. Эске сала кетсек, Көлбаев "кылмыштуу топтун өкүлү катары баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү", "бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү" сыяктуу беренелер боюнча айыпталууда.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.