Казакстандык төрт спортчу олимпиадалык медалдарынан айрылышат
Казакстандык төрт спортчу олимпиадалык медалдарын артка кайтарып бериши керек. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алды.
Чечимге ылайык, казакстандык оор атлетчилер Зульфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова 2012-жылкы Лондон оюндарында уткан алтын медалдарын артка кайтарып бериши керек. Казакстандык эркин күрөш балбаны Таймураз Тигиев 2008-жылы Пекиндеги Олимпиадада уткан күмүш медалынан ажыратылды. Бул спортчулардын анализдерин кайра текшергенде допинг табылган.
Ошондой эле канынан тыюу салынган заттар чыккан спортчулардын тизмесинде казакстандык оор атлетчи, Лондондо жана Пекинде өткөн Олимп оюндарынын чемпиону Илья Ильин да бар. Эл аралык Олимпиада комитетинен билдиришкендей, анын Пекинде жана Лондондо алынган анализдеринин жыйынтыгында канынан тыюу салынган станозолол заты табылган.

Коммент жазганың жакшы экен го бирок элементарный "олимпиада" сөзүн жазалбаганың чатак экен
Ушинтип чукуй берсе эч ким барбай койсо болот.Илгери "Спорт-тынчтыктын символу"эле,азыркы убакта "Спорт-сасыган саясаттын куралы"болуп баратат.
Биздин Иззат алган медаль эмне болуптур ошол боюнча маалымат берип коюгулачы Супер инфо