Рулу оң жагында жайгашкан унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат
ЖКнын бүгүнкү, 18-апрелдеги жыйынында “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору автоунаа менен кызмат көрсөтүүдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат. Башкача айтканда, рулу оң жакта жайгашкан унаалар эми коммерциялык негизде жүргүнчүлөрдү ташый албайт. Мындай аракет жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөөдө. Анткени оң рулдуу унаалар катышкан кырсыктардын саны көп катталып жатканын мыйзамдын демилгечилери айтышууда. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, добуш берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

