super.kg logo
  Спорт  

Арсен Эралиев: "Олимпиададан кийин алган 1 миллион сомго Бишкектен батир алганы турам"

 

Кыргыз жеринде спортчунун түйшүгү залдарда машыгып, тер төгүү менен бүтпөйт. Спортчулар спорттук карьерасында секирик жасоо үчүн бардык тажрыйбага муктаж. Бирок чет жердеги машыгуулар, чет жердеги мелдештер, жаракат алган соң дарылануу жана үй-бүлөнү багуу ири суммадагы каражатты талап кылат. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 5-орунду ээлеп, бул үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алган балбан Арсен Эралиев бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына каражатты кандай максатта колдоно турганы тууралуу айтып берди.

Балбан алгач мындай суммадагы каражат спортчулар үчүн жашоо шартын өзгөртүүгө шарт түзөрүн айтты. "Буга чейин шаарда өз үйүм жок болгондуктан, сыйлыкка алган акчанын үстүнө дагы акча кошуп, үйлүү болгону турам. Олимпиаданын алдында акчалай сыйлык убада кылынганы менен, мен ага көп маани берген эмесмин, себеби биринчи кезекте "медаль тагынам" деген максатта баргам. Мындай колдоо, бөлүнгөн каражат менин керегиме жараганы турат. Бардык эле спортчу спорттун аркасы менен жашоо шартын оңдоп, турмуштук түйшүктөрдөн арылып, спортко көбүрөөк көңүл бурууну максат кылат. Мындай колдоо болуп турса, кийинки Олимпиадада спортчуларыбыз медаль тагынат деген ишеним бар", - дейт спортчу.

Ал эми "Мамлекеттин колдоосунан өксүп, мелдештерге катышуу үчүн каражат издеген учурлар болду беле?" деген сурообузга төмөнкүдөй жооп алдык: "2010-жылы мен өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп калып, эл аралык мелдешке өзүм табууга мажбур болгом. Олимпиаданын программасына кирбеген спорт түрлөрү менен машыккан спортчулар мындай кырдаалга көп эле туш болушат. Олимпиадалык спорт түрлөрүн каржылоо акыркы 2-3 жылда жакшырганы байкалууда".

Кошумчалай кетсек, А.Эралиев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль үчүн болгон беттеште утулуп, 5-орунду ээлеп калган. Бул үчүн ал өкмөттөн 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алган. Акчалай сыйлык өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралдагы токтомунун негизинде ыйгарылган. Токтомдо Олимпиада оюндарында жана Паралимпиада оюндарында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралары жазылган.

Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын жыйынтыгында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар сыйлыкка ээ болушкан. Алар:

Спортчу: Арсен Эралиев (грек-рим күрөшүнөн 5-орунду ээлеген) - 1 миллион сом

Жеке машыктыруучусу: Мейрамбек Ахметов - 250 миң сом

Башкы машыктыруучу: Канатбек Бегалиев - 250 миң сом

Спортчу: Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө 5-орун) - 1 миллион сом

Жеке жана башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков - 500 миң сом

Спортчу: Юрий Краковецкий (дзюдо боюнча 7-орунду ээлеген) - 800 миң сом

Жеке машыктыруучусу: Сергей Мистрюков - 200 миң сом

Башкы машыктыруучу: Абдразак Шаршенов - 200 миң сом

Спортчу: Эсен Калиев (Паралимпиадада пауэрлифтинг боюнча 5-орунду ээлеген) - 1 миллион сом

Жеке жана башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов - 500 миң сом

Спортчу: Жыргал Оросбаев (Паралимпиадада пауэрлифтинг боюнча 6-орунду ээлеген) - 900 миң сом

Жеке машыктыруучусу: Аслан Жабраилов - 225 миң сом

Башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов - 200 миң сом






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(22)
29.10.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-59
андан коро жесир балдары мн эптеп кун коруп жаткандарга бербейби издеп таап
29.10.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
chon.alai., "Андан коро" дейсин да ал эмне кумар оюуну же жаман жака жумшап атыптырбы? Чон спортто кандай машыгуу кандай убакыт талап кылаарын сен билбейт экенсин! Арсен ошол убактысын баарын спортко коротуп башка иш кылып уй ала алган алган эмес.Мээнетине Озуно уй алып жатат. Ушу сага окшогон акылмандар тойгозот да
29.10.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
chon.alai.,аларга сиз сыяктуу акылдуулар жардам берсе да болот
29.10.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
aikusikdan, Акылына береке сенин. Сага окшогон кыргызды дуйного таанытыш учун, бут убактысын спортко арнап жатат. Анан бул спортчубуздун баласын ким багат? Башынды иштетип жазчы.!
29.10.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Автор: "Арсен 900мин сом колума алдым деди" деп жаздын эле, азыр эле "миллион алды" деп жазыпсын, мен тушунбой калдым.
29.10.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
chon.alai.,Чон алайда журуп кой баккандан башка тушунугун жок экен ээ
30.10.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
оа 5 млн койду кайтарып журом
29.10.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Тапканын озуно буйрусун. Мындан чон ийгиликтер коштосун.
29.10.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Иззатка эч нерсе жокпу ошондо?! Же берди беле?
29.10.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Gulim_zamujem,алдыңкы 8орун алгандарга гана сыйлык каралган деп жазылып туратко,Изат АЮ компаниясынан квартира алган
29.10.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колдоо жакшы болсо чыгат күчтүү спортчулар . Анан айылда көп балдар бар күчтүү, спорттук залдары жок машыкканга . Бизде криминал анча-мынча мынча жаш күчтүү балдарды сындырып коюп жатышат .
tashi62 түзөттү 2016-10-29 16:57:39
29.10.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Оозундагы нанды тарттырып койбой, дагы 100мин беришинер керек дебейсинби.
29.10.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Арсендин 100 мин сомун ким уруп койду анда,900 мин сом эле тийсе.
29.10.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
azamat.k,Кыргызстанды билесин да налог деп биздин спортчулардан Кыргыхдын желегин которгондор уткандарга эде налог деп келе калышат))
29.10.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ниетинизге жетиниз кыш келгиче уй алып алыныз
29.10.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулууда үмүт бар болчу жок дегенде алдыңкы үчтүкө кирсе болмок тажрыйба өтө жогору болчу. Буюрса 2020 жылы Токиодон алтын күтөбүз балбандарыбыздан.
29.10.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мен баламы велоспортко даярдайм Кудай буйруса . Карбондон гоночный велосипед ~1000$ тегерегинде чогултса болот экен.
29.10.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I, Демек максатыңыз акча экен да, а баланын кызыкчылыгы сизди кызыктырбайбы?
30.10.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун акчасы менен ишинер эмне трилигинерди кылгыла
30.10.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсынар ак жол спортчулар ийгилик силерге
30.10.2016. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээнет ошолордуку үзүрүн корсүн
30.10.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалынын салыкчыларга Салам деген ырын уксанар аябай таамай айтылган ушунун баары. Ал эми балбандарыбызга ийгилик кааламакчымын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: