super.kg logo

"Тамашоу" Лигасынын 9-сезонунун ачылышында 13 команда күч сынашып, мыктылары аныкталды

 
"Тамашоу" Лигасынын 9-сезонунун ачылышында 13 команда күч сынашты.
Ырчы Урмат Усенов
SUPER.KG порталынын директору Айсулуу Алимбекова
Алтайдан келген конок, коомдук ишмер Акай Кине
"Келечек" командасындагы африкалык жигиттер
"Мыкты оюнчу" наамын алган "тамашоучу" Бексултан
"Мыкты тамаша" деп "Ошингтон" командасынын тамашалары аталды.
"Мыкты команда" наамын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келген "Stud life" алды.

29-октябрда Бишкектеги "Сейтек" борборунда "Тамашоу" Лигасынын 9-сезону старт алды. Оюн белгиленген убакыттан туура 30 мүнөт өткөндө, 18:30да башталды.

"2008-жылы 1-ноябрда дал ушул жерде "Тамашоу" Лигасы башталган. Арадан жылдар өтүп, бүгүнкү "Тамашоунун" 9-сезонунун ачылышы да ушул жерден башталды", - деген алып баруучу Эрмек Нурбаев оюндун башталганын жарыялап, бардык командаларга ийгилик, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай каалады. Калыстар тобунун катарында режиссёр Рысбек Жабиров, SUPER.KG порталынын директору Айсулуу Алимбекова, ырчы Урмат Усенов, продюсер Нурлан Жаныбеков жана алтайлык коомдук ишмер Акай Кине болду. "Тамашоунун" ачылышында 13 команда: "Универсал", "Ассорти", "НКБ", "National", "Ошингтон", "Ацтек", "МК шоу", "Stud life", "Кара-Балта", "Мисс шоу", "Келечек", "Бугу", "Мурас" болду. Командалар "Фристайл" сынагында оюн көрсөтүшүп, "Мыкты оюнчу", "Мыкты тамаша", "Мыкты команда" наамдары үчүн күч сынашты.

"Тамашоучулар" коомдогу, саясатта болуп жаткан окуяларды тамаша аркылуу көрсөтүп жатышты.

Оюнда айтылган тамашалар:

"Бугу" командасы:

- Биз "Сейтектин" ичиндебиз.

- Сейтек менин ичимде.

- Бар, Конституция болуп кетчи!

- Кандайча?

- Жоголуп кетчи!

"Кыргыз style" командасы:

- Аялыңыздын ичи чыгып калдыбы, бирөөдөн шекшип жатасызбы, анда "Боботик" бериңиз.

"Ошингтон" командасы:

"Кожожаш" тасмасында Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева роль аткарганда:

- Кожожаш, сур эчкилерди атпаңызчы... Убалы тийбесин.

- Ай, Зулайка, былжырабай ары турчу.

- Анда өзүң билип, өтүгүңдү төргө ил.

- Сур эчкилерди атпасам да, текелерди атышым керек.

"МК шоу" командасы азыркы заманбап үйлөнүү тойлору кандай өтөрүн көрсөттү.

- Кулдугубуз бар, кулдугубуз бар.
Машинасы бар, үйү бар, акчасы бар.

"Ацтек" командасы:

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Депутат болом.

- Эмне кыласың депутат болуп? Азыр таш ыргытсаң, депутаттардын башына тиет.

- Ошо, айтам да, эмнеге эртең менен атамдын башы шишип калган деп?..

"Stud life" командасы:

Кыз: - Сиз мени сүйөсүзбү?

Жигит: - Сүйөм.

Кыз: - Анда сизге табышмак айтайын, тапсаңыз мага үйлөнөсүз, таппасаңыз жок. Өзү жапжашыл, сууда жашайт. "Бак-бак" деп жүрөт.

Жигит: - Эшек.

Кыз: - Жок.

Жигит: - Бак эшек.

Кыз: - Туура.

"Ассорти" командасы:

- Алар будильникти 6га коюшат, бирок саат 9:30да ойгонушат. Жолдо баратып сабак карашат. Алар
уйкучу студенттер. Жакында бардык окуу жайларда...

"Келечек" курама командасы түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн куралгандыгын айтып өттү. Айрыкча бут кийимдер тууралуу мода көргөзмөсү залдагы элдин күлкүсү, кол чабуусу менен коштолду. Ошондой эле алар командасындагы африкалык кара тору жигиттерди "Кара жорго" бийин бийлетишти.

Оюндун соңунда "Мыкты команда" наамын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келген "Stud life" командасы алып кетти. Ал эми "Бугу" командасынын мыкты бийчиси Бексултан "Мыкты оюнчу" деп аталса, "Мыкты тамаша" деп "Ошингтон" командасынын тамашалары табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(18)
30.10.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
тамашанда саясат.ырында саясат.сырында саясат.жегенида саясат ичкенинда саясат чеккенида саясат ХХХ ХХХ болуп калдыгоо кыргызстан.
Модератор admin_media түзөттү 2016-10-30 19:26:01
30.10.2016. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
chon.alai.,сайасаттай сасык нерсе тапсаныз биз да ошону колдонолу кандай дейс)) башка талкуулай турганга эчнерсе жокдаа
30.10.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Ошингтон АШАГИНГТОН!!!
30.10.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тамашоунун кызыгы жок болуп баратат
30.10.2016. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тамашоунун денгээли алдыга жылбай эле артка кетти. Мааниси жок тамашалар.
30.10.2016. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stud life командасы алга... Неге Нурсултан жок? Зарлык Назир жана башкалар молодцы....
30.10.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Универсалдын тамашасы жокго бул жерде?
star.... түзөттү 2016-10-30 08:33:06
30.10.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эрмек нурбаевге рахмат, ушунча кыргыз тилине мээнет кылып квнди кыргызча стилде онуктуруп жаштарды жакшы жакка бурулушуна салым кошконуна. Сын айтаардан мурда озум эмне кылдым деп суроо берип анан сынайлы
30.10.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirzohidjon, Ооба. Эрмек Нурбаевдин эмгеги чон. Ушундай денгээлге жетиш дагы чон мээнетти талап кылат. Ошол тамашоуга катышуу да убакытты, мээнетти талап кылат. Кыргыз тилин онуктуруу учун кичине болсо оз салымдарын кошуп жатышат. Бирок мурдакы сезондорго салыштырмалуу сапаты томон.
Meerim9080 түзөттү 2016-10-30 15:01:30
30.10.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamandalar da azaiyp ketiptir go jany kamandalar kowuluptur da.Jyldan jylga tamawoou arkja ketip jatkandai.......
30.10.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Тамашоу 9-сезон жакшы болот
30.10.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамашоунун артка кетишинин бир себеби
Бишкектен чыккан команданы эле мактай берет келечегин кен жакшы аракет кыл андай мындай деп баарына бирдей мамиле кылса астыга чыгатда, тамашоу нун эрке командалары бар мисалга позитив бруклин ассорти ошого окшогон дагы экоо учоо бар
30.10.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында мурдагы командаларга буларды салыштырып эч болбойт тамашоунун кызыгы бутуп бараткандай.
30.10.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
универсалга эмне болду
30.10.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башта кызыгып корчумун, айрыкча No name тамашалары менен тамашоуну кызытып турчу. Азыркы тамашаларга конул чаппай калды. Тамашоу коргучо Тынардан супер тамаша коргонум абзел...
30.10.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамашоунун баркы кетип калды. Мурун кызыгып корчумун. Азыр кызыкпайм да
30.10.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноонейм жокко же ошингтон болуп алышканбы?
31.10.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: