super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: 2007-жылы Орусияда автобуста жардыруу болуп, 8 адам каза тапкан

 

Мындан 9 жыл мурун Орусиянын Тольятти шаарында МАЗ-103 автобусу жарылып, 8 адам курман болгон. 56 адам ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын көпчүлүгү аталган шаарда окуган студенттер жана мугалимдер болушкан. Кырсык автобустун арткы бөлүгүндө жерде жаткан 2 килограмм салмактагы жардыргыч зат жарылып кеткендиктен улам келип чыккан. Жардыргыч затты курман болгон жүргүнчүлөрдүн бири, 21 жаштагы Евгений Вахрушев аттуу жаран алып келгендиги аныкталган. Кырсыктан кийин анын үйүнөн дагы автобустагыдай жардыргыч зат табылган.

Самара облусунда 2007-жылдын 1-ноябры аза күтүү күнү деп жарыяланган. Ошондой эле Тольятти мамлекеттик университетинин окуу имаратында кырсыктан курман богондорду эскерүү тактасы орнотулган.

31-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: