super.kg logo
  Саясат  

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишинин натыйжасын иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү

 

Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 18-апрелдеги пленардык жыйынында мурдагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишмердүүлүгүн жана ишинин натыйжасын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына парламенттеги ар бир фракциядан экиден депутат кирип, бул сунуш 77 добуш менен колдоого алынды. "Республика" фракциясынын сунушу менен түзүлгөн комиссиянын курамы төмөндөгүдөй:  

“Ата Мекен” фракциясынан: Туратбек Мадылбеков, Акуналы Досалиев

КСДП фракциясынан: Зайырбек Жоошбеков, Замирбек Алымбеков

“Республика” фракциясынан: Назарали Арипов, Абдыжапар Бекматов

“Ата Журт” фракциясынан: Курманбек Осмонов, Нарынбек Молдобаев 

“Ар-намыс” фракциясынан: Абдырахман Маматалиев, Анвар Артыков

Айта кетсек, аталган дирекция 2010-жылы түзүлүп, 2013-жылдын январь айында жоюлган. Аны 2010-2011-жылдары учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, андан кийин саясий ишмер Жусупжан Жээнбеков жетектеп турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: