Бишкекте бий боюнча 2-эл аралык фестиваль өтөт
21-апрелде Кыргызстандын борборунда бий боюнча эл аралык фестиваль
өтөт. Иш-чаранын максаты - жаштарды сергек жашоого үндөө, бийчилер менен бирге алардын окутуучуларын да элге таанытуу.
Жарышка 3 жаштан 20 жашка чейинки бийчилер катышып, эстрадалык бий, дүйнө
элдеринин бийи жана заманбап бий багыттарында күч сынашат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө
“Эң мыкты бий”, “Эң мыкты бийчи” жана “Эң мыкты бий
жамааты” деп аталган 3 номинация боюнча сыйлыктар берилет. Аталган иш-чарадагы негизги номерлердин
катарында акробатикалык ыкмаларга, чыгыш бийлерине жана Бишкектеги музыкалык
топтордун чыгармаларын аткаруусуна орун берилет. Фестиваль Бишкек гуманитардык университетинде орун алат.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
adik.KG

18.04.2013. 22:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы жаштар алга))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.