Эксклюзив! "4 литр суу жутуп, өзүмдү жоготкуча ырдадым" деген Айпери Кубик кызы суу астында тартылган клибин тартуулады















Бүгүн, 31-октябрда "Кыргыз киносу" кинотеатрында ырчы Айпери Кубик кызы режиссёр, клипмейкер, ырчы Санжар Юлдашев менен ырдаган "Не отпускай меня" ырынын клибин тартуулады. Ага ырчынын үй-бүлөсү, жакын санаалаштары, достору келишти.
Кеченин алып баруучусу Самат Эркинбеков: "Санжар клип тартып баштаганда 120 килограмм болчу, азыр 70 килограммга түштү. Айпери да арыктап, "фигурная" болуп калды", - деп клип тартуу түйшүктүү экенин айтып өттү.
Ырчынын атасы Кубик Калыков да кызына ийгилик каалап, бул эмгек акыркы болбошун, ушуну менен токтолуп калбай Америкада да клип тартуу тилегин айтып, бата берди.
Ал эми Айпери Кубик кызы клип тууралуу буларга токтолду:
"1 жаш 2 айлык баламды таштап клипке тартылууга Москва шаарына бардым. Санжар баарын даярдап, жадакалса кийчү көйнөктөрүмдү да алып коюптур. Түнкү 1де концерттен чыгып, таңга чейин клипти бир нече жерлерде тартып, эртең менен саат 9да Бишкекке учуп кеттим. Режиссёр "суу астында бир куплетти ырдап бүтсөң, чоң эрдик кылган болосуң" деди. Андыктан 4 литр суу жутуп өзүмдү жоготкуча көгөрүп жатып ырдадым. Көк бет экениме, чыгармачылык үчүн кандай кыйынчылыктар болбосун чыдаарыма таң калдым. Санжардын мыкты режиссёрлугуна, даярдыгына баа бердим. Сага чоң рахмат!"
Ырчы суу астында тартылганына көпчүлүк ишенбей жатканын айтып, тартуу иштери тууралуу кадр сыртындагы видеону көрсөттү. Андан соң клип көрүүчүлөргө тартууланды.
Белгилей кетсек, клип Москва шаарында, Крымда тартылган. Жалпысынан 2 айдай убакыт кетип, 5 миң доллар жумшалган.
Айпери Кубик кызынын "Не отпускай меня" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.
“Клип үчүн сууга болгон фобиямды жеңдим” дейт Айпери Кубик кызы

Yrchylardyn jumuwu mn jawoosun aralawtyruu-chon katachylyk! Antkeni birinchiden yrdoo, klip tartuu bul alardyn jumuwu, silerdin kunumduk iwtechu jumuwunarday! 2-den silerdin uwunday karangy, kynyr sozdorunordon uy bulodo uruw chygat, uy-bulonun tynchtygyn buzasynar! Allahty aralwtyruu da tuura emes! Allah jolunda jursun desener anda kyrgyz kyz yrchylarynyn baary ele jogolup ketpeybi?! Kyrgyzstanda jalan erkekter yrchylar dep koy ))