"Абдыш-Ата" футболдук клубунун машыктыруучусу Мирлан Эшенов кызматынан алынды

Канттык "Абдыш-Ата" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов машыктыруучулук кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган клубдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жетекчиликтин мындай кадамына команданын 2016-жылда канааттандырарлык эмес жыйынтык көргөзгөнү себеп болгон. "Абдыш-Ата" быйылкы сезондо Кыргыз Республикасынын Суперкубогуна ээ болгон. Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда болсо 4-орунду ээлеп калган.
Эшеновдун ордуна аталган кызматты убактылуу Аскар Ахметов аркалайт. 35 жаштагы адис акыркы 2 жылда "Живое пиво" клубун машыктырып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Lewa90

01.11.2016. 14:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдыш-атанын оюнчулары мындан алты жети жыл мурун дордойду биз токтотобуз дей берет эле тилеке каршы чемпион болмок тугул томондоп тоюмду оюн корсота албай келет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.