super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: "Заманыбыздын супер ырчысы" аталган Гүлнур Сатылганова өздүк майрамын белгилөөдө

 

Бүгүн, 1-ноябрда "Заманыбыздын супер ырчысы", "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, белгилүү ырлардын аткаруучусу, ырчы Гүлнур Сатылганова 48-күзүн белгилеп жатат. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда буларды билдирди:

"Туулган күнүм менен куттуктоо түнкү саат 12ден өткөндөн кийин эле башталган. Алгач Кытайда окуп жаткан уулум телефон чалды. Дос-курбуларым түндө гүлдөрү менен келип, каалоо-тилектерин билдирип кетишти. Ал эми бүгүн таңкы 7:30дан баштап телефонума куттуктоолор келип жатат. Албетте, элдин, күйөрмандардын, сиздердин көңүл бурууңуздар абдан кубантат, баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Буюрса, кечке маал шаарыбыздагы кафелердин биринде өздүк майрамды белгилөө уланат".

Белгилей кетсек, ырчы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, ал эми 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген. Ырчы "Сагыныч", "Ысык-Көлүм", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу" "Булуттар", "Ыр десте" сыяктуу ырлары менен атактуулукка жеткен.

1-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
01.11.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжеке туулган кунунуз кут болсун!омурунуз узуууун ден соолугунуз чын болсун.ийгилик ырларынызга береке,жашооунузга тынчтык.талантынызга таазим сизди абдан жакшы коробуз.
01.11.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гулжигит Сатыбековду ырларын сындагандан кийин ушул ырчы айым жакбай калды.озунун ырчылык денгеели коп эле алдыда же артта эмес орточо.Гулжигиттин ырларын жакшы корбогон адам жоктур.
01.11.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Магада жакпай калды! Айчурок эже мн ыр талашып ит болуштуго. Сотко берем деп))
01.11.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжеке туулган кунунуз кут болсун!!!
01.11.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин кызымдын да туулган куну 18ге толду..бир кундо торолупсунор баардык жакшы нерселерди..ачык асман,узун омур,,чын ден соолук..бийиик бакыттарды каалайм!!!!
01.11.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Замандын супер урушчаагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: