super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: 8 жыл мурун кыргыз тилин жаштар арасында модага айлантуу максатында "Тамашоу" Лигасынын алгачкы оюну башталган

 

Мындан 8 жыл мурун Бишкек шаарындагы "Сейтек" борборунда "Тамашоу" Лигасынын алгачкы оюну башталган. Бүгүн, 1-ноябрда "Тамашоунун" негиздөөчүсү жана алмашкыс алып баруучусу Эрмек Нурбаев: "Туулган күнүң менен, "Тамашоу" улуттук долбоорум! Бардык "Тамашоудо" тарбияланып чыккан жана учурда ойноп жаткан балдар-кыздарымды чын жүрөгүмдөн куттуктайм!"- деп Инстаграмдагы баракчасына билдирүү жазып, биринчи жарнаманын сүрөтүн жүктөдү.

Ал эми SUPER.KG`ге буларды билдирди:

"Тамашоу" Лигасы башталган "Сейтек" борборундагы оюнга 16 команда катышканы жазылып турат, бирок 14 команданын ойногону эсимде калыптыр. Ошол учурда балдар-кыздардын көпчүлүгү түшүнбөй, бирөөсү ырдайт элем, дагы бири бийлейт элем деп келген эле. Анан Арслан байке ("Тамашоунун" башкы редактору Арслан Ибрагимов) экөөбүз аларга бара-бара тамаша жазгандын жолдорун түшүндүрүп, үйрөткөнбүз. Максатыбыз жаштар арасында кыргыз тилин өнүктүрүү, эне тилди жаштар арасында модага айлантуу, жаштардын талантын ачуу болчу. Бирок канчалык деңгээлде ийгиликке жетишерибизди ал учурда көрө алган эмеспиз. Бул идеяны 2008-жылга чейин ойлонуп, "бышырып" жүрүп, анан Кыргыз өлкөсүндөгү КВНдин президенти Евгений Акопяндын уруксаты, батасы менен баштаганбыз.

Кудайга шүгүр, эң башкысы, долбоор жемиштүү болду, балдар өсүп жатат. 8 жыл аралыгында көптөгөн оюнчулар тарбияланып чыгышты. Алардын жашоодон, чыгармачылыктан ордун таап жаткандары, албетте, кубандырат. "Тамашоучулардын" бизден алган тартип, тарбия менен, өзүн жаманатты кылбай, коомго, элге пайдалуу иш жасап жаткандарын көрүп сыймыктанасың, кубанасың.

Учурдан пайдаланып, 8 жылдык тарыхыбызда калыстык кылган бардык калыстар тобунун мүчөлөрүнө, өнөктөштөрүмө, ошондой эле "Супер-Инфо" гезитине жана SUPER.KG порталына ыраазычылыгымды билдирем. Долбоорду бирге баштаган Арслан байкеге, Нурзат эжеге жана Нурлан иниме терең таазим!"

1-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.11.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алга тамашоу!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: