super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар мыйзам эмес, мыйзам долбоорун референдумга коюу Конституцияга каршы келерин айтышты

 

Катуу каршылыктарга карабай бийликтин Конституция боюнча мыйзам долбоорун парламенттен кабыл алууга бир кадам калды. Долбоор эртең, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында үчүнчү окууда каралып, добуш берилет. Бүгүн документти тармактык комитет жактырды. Жыйында депутаттар референдумга мыйзам долбоору же президент тарабынан кол коюлган мыйзам чыгарыларын сурашты. Чолпон Жакупова документтин аталышы менен ички маңызы дал келбей жатканын, аталышында мыйзам долбоору боюнча референдум өтөрү жазылып, ичинде мыйзам боюнча өтөрү белгиленип калганын айтты. КСДПнын депутаттары референдумга мыйзам долбоору чыгарыларын ырасташты.

Бир катар депутаттар мыйзам долбоору боюнча референдум өткөрүү Баш мыйзамга каршы келерин, анткени башкы документте "мыйзам долбоору" деген түшүнүк жок экенин айтышты. Бирок демилгечилер макул болушкан жок, мыйзам долбоору референдумга чыгарылып, кабыл алынгандан кийин гана мыйзам болуп эсептелерин билдиришти.

Демилгечилерге 2020-жылга чейин Конституцияга кол тийгизүүгө болбостугу тууралуу да көптөгөн аргументтер айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: