Өмүрбек Бабанов "Республика-Ата Журттун" коалицияга кирүүсүнө эки-үч маселе тоскоол болуп жатканын айтты

"Республика-Ата Журт" фракциясы КСДП фракциясы менен парламенттеги көпчүлүк коалициясына кирүү боюнча эки-үч маселени чечиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.
"Кечээ КСДПнын лидери Иса Өмүркулов менен жолугушуп, коалиция боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Бир топ маселелер боюнча көз караштарыбыз туура, бирок эки-үч маселе бар. Бул маселелер боюнча дагы сүйлөшүп, карашыбыз керек, эң негизгиси, коалиция түзүү мандаты КСДПда, бул фракция коалицияга кимдер кирерин чечет. Эгер мандат бизде болсо, биз чечмекпиз", - деди Бабанов.
Мындан тышкары ал коалицияга кирүү үчүн премьер-министрликти сурабаганын баса белгиледи. "Биз премьерликти да, министрликти да, агенттикти да сураган эмеспиз", - деп кошумчалады депутат.
Ө.Бабанов коалиция жана К.Исаев боюнча оюн айтты


