"Бир бол" парламенттеги коалицияга кирер-кирбесин чече элек
Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициясына кирер-кирбесин чече элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Чолпон Жакупова билдирди.
"Азырынча фракциянын отуруму өтө элек. Ошондуктан эч нерсе айта албайм. Фракциябыздын лидери коалицияны түзүүгө мандат алган КСДПнын лидери менен жолугушкан. Анда алдын ала макулдашуулар болсо керек. Эмне жөнүндө кеп болгону мага белгисиз. Фракциябыз отурум өткөргөн соң коалиция боюнча позициябыз белгилүү болот", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

