super.kg logo

Кытайдын түштүк-батышындагы көмүр кенинде жарылуу болуп, 15 адам каза тапты

 

Кытайдын түштүк-батышындагы көмүр кенинде жарылуу болуп, 15 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 31-октябрда саат 11:30 чамасында Юнчуань районунда жайгашкан "Цзиньшаньгоу" көмүр кенинде болгон. Кырсык учурунда көмүр кенинин ичинде жер астында 35 адам иштеп жаткан. Алардын ичинен 2 жумушчу окуя болгондо жердин үстүнкү бетине чыгууга үлгүргөн. Курман болгондордон сырткары 18 адам дайынсыз деп эсептелүүдө. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо иштери жана кырсыктан жабыркагандарды куткаруу-издөө операциясы жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.11.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сентябрдын аягында военное учение болуп, кытайдын бир БТРи аварияга учурап бизге келишкен. Котормочунун айтуусу боюнча жаракат алган солдатты чек арадан ары өткөндө атып салат дейт. Адамдын саны көп болгон үчүн , баркы жок окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: