super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: "Туулган күнүмдө "Кандай иштерди жасадым?" деп ойлонуп, жалгыз жүрөм" дейт ырчы Мухтар Атаналиев

 

Бүгүн, 1-ноябрда "Мен биринчи атаман", "Ак толкундар", "Жаш сулуу" аттуу бир кезде хит болгон ырлардын автору, ырчы, аткаруучу Мухтар Атаналиев 53 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, жалгыз басып жүргөнүн, өмүрүнө саресеп салып, өзүнө өзү отчёт берип жатканын айтты.

"Негизи, туулган күндү ушул жашка келип көп деле белгилечү эмесмин. Көп жылдан бери ушул күнү өзүмчө жалгыз калып, кимге кандай жакшылык кылдым, кимдерге жолугууга үлгүрүп, жакшы сөзүмдү айта алдым, кандай иштерди жасадым деп ойлонуп, өзүмө өзүм отчёт берчү болдум. Азыр да ошондой, жалгыз басып ойлонуп жүрөм. Быйыл "Үркүн" тасмасын элге көрсөттүк, андан сырткары бул жылы ишке ашпай калган дагы кандай пландар бар, эл үчүн кандай пайдалуу жумуш жасадым деп өзүмө суроо салып жатам.

Социалдык тармактар аркылуу дос-туугандар, тааныштар телефон чалып, куттуктап жатышат. Демек, жакшы адам катары унутушпаганы адамга кубаныч тартуулап, сүйүнтөт".

1-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
01.11.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уркун тасмасын Нарынга келгенде коро албай калдык.Кайра жиберинизчи.Туулган кунунуз менен!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: