super.kg logo
  Саясат  

Парламент башкы прокурордун бир жылдык отчётун канааттандырарлык деп тапты

 
Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште бир жылдык отчётун берүүдө
Парламент Башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты
18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун 2012-жылы жүргүзгөн иши тууралуу отчёту угулуп, жыйынтыгында отчётту канааттандырарлык деп баалашты депутаттар. Башкы прокурор Аида Салянованын берген маалыматына караганда, прокуратура органдарынын мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу алдын ала белгиленген артыкчылыктуу багыттарга таянуу менен жүргүзүлгөн. Алсак, 2012-жылы аткаруу жана жергиликтүү бийликтердин ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө иретинде 6136 текшерүү же 2011-жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга көп жүргүзүлгөн. Текшерүү жыйынтыгы боюнча 494 кылмыш иши козголгон. Талкууда депутаттар буга чейинки прокуратура кызматынын ишине салыштырмалуу канааттандырарлык иштер жасалып жаткандыгын, ошол эле маалда иш болуп жаткан жерде кемчилик да коштолорун белгилешти. Жыйынтыгында депутат Тынчтык Шайназаровдун башкы прокурор Салянованын отчётун бекитүү жана Башкы прокуратуранын ишин канааттандырарлык деп табуу боюнча сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: