super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: 19 жыл мурун атактуу "Титаник" тасмасынын бет ачары болгон

 
Тасманы тартуу учуру

Мындан 19 жыл мурун, 1997-жылы 1-ноябрда Токио шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Титаник" тасмасынын бет ачары болгон.

Тасманын режиссёру жана сценаристи – Жеймс Кэмерон, анын продюсерлери – Памела Исли, Жеймс Кэмерон, Ал Гиддинс. Кинодогу ролдорду Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет, Билли Зейн, Билл Пэкстон, Кэти Бэйтс, Жонатан Хайд, Глория Стюарт, Фрэнсис Фишер, Бернард Хилл, Дэвид Уорнер, Сьюзи Амис аттуу белгилүү актёрлор аткарышкан.
Жеймс Кэмерон “Титаник” тууралуу алгачкы жолу 1987-жылы даректүү фильм аркылуу билген да, аны дароо кино тартуу жөнүндө идея ээлеп алган. 1994-жылга чейин Кэмерон 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен.
Өзүнүн тасмасынын негизги “каарманы” менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган. Суу алдында камералар 15 мүнөт гана иштечү, андыктан чыныгы “Титаникти” тартууга эле 2 айдан ашык убакыт кеткен. Ал эми кийин тасмага бул материалдын 12 мүнөтү гана керектелген.
“Көрүүчүлөр кинотеатрга кеменин урашын көрүү үчүн келет” деп ишенген режиссёр бул көрүнүшкө басым жасап, атайын эффекттерди даярдоого 17 студияны ишке киргизген. Алардын башында кийин "Оскарга" ээ болгон Роберт Легато турган.
Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.
Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созуларын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан, бирок Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөттү түзгөн.
Фактылар:
  • "Титаникте" чынында эле Жек Доусон аттуу адам болгон, бирок ал кеменин ичинде калып каза болгон. Жеймс Кэмерон ал тууралуу билбегенин айтат.
  • Кейт Уинслет гидрокостюмду кийбегендиктен, сууда жүрүп өпкөсүнө суук тийгизип алган.
  • Тасмадагы Жек тарткан сүрөттү Кэмерон тарткан.
  • Ал сүрөттү 2011-жылы аукциондо 16 миң долларга сатышкан.
  • Ошол кезде тасманы тартууга 200 миллион доллар, "Титаникти" салууга 7,5 миллион доллар кеткен.
1-ноябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
01.11.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
режиссер деп ушуну айт
01.11.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кино
01.11.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зынк кино жогорку денгээлде канча акча иштеп алышкан ошонуда айтып койсонуздар
01.11.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз кичине жылса экөө тең аман калат эле, майли эми.
01.11.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роуздун жыланач жаткан жери сонун э
02.11.2016. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Patriot..kg,бети жок
01.11.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Керемет кино. Кайра кайра коргун келет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: