super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин 80 жылдыгы белгиленет

 

18-апрелде өкмөттө Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин 80 жылдыгын өткөрүү боюнча жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө быйылкы жылга карата белгиленген мааракелик иш-чаралардын планы жана уюштуруу комитети бекитилди. Анын негизинде апрель айынын соңуна чейин Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда илимий-практикалык конференция жана китеп көргөзмөсүн өткөрүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин 80 жылдыгына карата анын чыгармаларынан турган китеп чыгаруу белгиленди. Белгилей кетсек, Эсенгул Ибраев Нарын районундагы Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган. Акынга 1994-жылы “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, 2001-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” наамдары берилип, 2002-жылы Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын лауреаты болгон. 2006-жылы “Насыят” китебине Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган. Анын “Бөбөгүм”, “Таң шоокуму”, “Шаркыратма”, “Эңсөө” жана башка ырлар жыйнагы жарык көргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: