Кыргыз драма театры Казакстанда өткөн IV Эл аралык театр фестивалында 2-орунду алды

Кыргыз драма театры Казакстанда өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн IV Эл аралык театр фестивалында 2-орунду алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге актёр Анвар Осмоналиев билдирди.
"Өткөн жумада Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Талдыкорган шаарында IV Эл аралык театр фестивалы өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн Кыргыз драма театры Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасы менен катышып, 2-орунду алды. Актёр Азиз Мурадиллаевдин апасы Анара Сыдыгалиева Толгонайдын образын жаратты. Андан башка да көптөгөн актёр-актрисалар катышты", - дейт А.Осмоналиев.
Ошондой эле фестивалга Татарстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнөн барган театр жамааттары катышканын актёр кошумчалады.
баракчасынан алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Antoshka2016

02.11.2016. 10:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайбыз!
Bolunbo.kyrgyz

02.11.2016. 20:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жакшы маданият бирок жанакы балет деген НАК сойкунун иши
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.