ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: "Туулган күнүмө кызым телефон белек кылды, эми социалдык тармактарга катталам" дейт Кубик Калыков

Бүгүн, 2-ноябрда куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков 51 жашын белгилеп жатат. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыксак, бизди да бүгүнкү Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, майрамдык пландары менен бөлүштү.
"Кызым Айпери кечээ эле туулган күнүм менен куттуктап, жаңы телефон белек кылып кетти. Интернетте сүрөттөрүмдү жүктөп, менин атымдан катталган адамдар бар экен. Андыктан эми өзүм Facebook, Инстаграмга катталайын деп жатам. Майрамдык маанайым эң сонун. Кечээтен бери короодо бүтпөй калган жумуштарды бүтүрүп, азыр жасанып алып конокторду күтүп отурам. Андан соң кечке маал достор менен туулган күндү белгилейбиз", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, ырчы 1965-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аскердик кызматын өтөгөн. Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Анын 100дөн ашык обондуу ырлары, 30-40тай сатиралары бар.
2-ноябрдын жылнаамасы.

Тообо адамдар кызык эле болот.Куттуктап чыгып кет нарака,окуп калса канча журогу ооруйт.Туулган кунундо жакшы маанайда болгон кандай жакшы.Жакшы соз дегенди унутуп бараткандай кыргыз элим.
Туулган кунунуз кут болсун.Уул-кызыныздын урмат сыйын корун.
Кубик байке туулган күнүңүз кут болсун! Балдарыңыздын жакшылыгын жубайыңыз менен тең көрүң! Кудайым берген өмүрдө татыктуу жашаңыздар!