super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Коалицияга кирем деп тургандар, бириң да кирбейсиң. Эртең көрөсүңөр"

 

Азыркы учурда парламенттеги коалицияга кирүүнү көздөп турган фракциялардын бири да альянска кирбейт. Мындай пикирди 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтты. Депутат парламенттин мурунку спикери Ахматбек Келдибековду кызматтан түшүрүү учурун мисал кылды.

"Келдибековду кызматтан кетирүү керек болуп калды. Ошондо керектүү добушту ала албай фракциялардын аргасы кетти. Кандайынан эсептесек да добушубуз жетпеди, бирок КСДП бир сөзү менен коалицияны таратты. КСДП "кийинки коалицияга Келдибековду колдобогондор кирет" деди. Ошондо "Ата Журт" фракциясынын (ред. Келдибековдун фракциясы) жарымы биз тарапка өтө качты, бирок аягында коалицияга кирбей калды. Бүгүн да ошол "үзүлбөгөн үмүттөр" технологиясы пайдаланылып жатат. Конституцияны өзгөртүүнү колдогондор күн сайын азайып жатканын көрүп, коалицияны таратышты. Декабрда, январда же жазында деле таратса болмок. Бүгүн айрымдар коалицияга кирип калабыз деп отурушат. Эскертип коёюн, бириң да кирбейсиң. Ким "лох" болорун эртең көрөсүңөр", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: