super.kg logo

"Үркүн-1916" сынагында кайгылуу окуяларга арналган мыкты музыкалык чыгармалар аныкталды

 

"Үркүн" музыкалык чыгармалар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Салтанаттуу иш-чарада министрдин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков кыргыздын материалдык жана руханий маданиятын колдоо жана өнүктүрүү боюнча композиторлордун салымын баса белгилеп, диплом, грамота жана медалдарды тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Сынакка 42 музыканын авторлору катышкан. Калыстар курамын маданият ишмерлери түзгөн. Маалыматка ылайык, Үркүнгө арналган мыкты симфониялык чыгарма болуп Батыт Алишеровдун “Баатырларга” жана Мурзалы Жээнбаевдин “Аалам” аттуу чыгармалары табылды. 2-орунга “Үркүн” чыгармасы менен Сатылган Осмонов жана Райхан Бейшеналиеванын “Үркүн-2016” чыгармалары татыктуу болду. 3-орунду “Мир” чыгармасы менен Наргиза Курманова жана “Мекен ыры” менен Кенжегазы Асанбаев алган.

"Музыкалык аспаптар" номинациясында "Жетиген" чыгармасы менен Эсенгул Жумабаев жана Турдубек Чокиевдин "Залкар" чыгармасы, 2-орунга Бакыт Алишеровдун "Улуу дүйнө" жана "Манас" чыгармасы менен Сатылган Осмонов, 3-орунга "Түш көрүү" чыгармасы менен Таалайбек Дооронов татыктуу болду. "Хор" номинациясында Наргиза Курманованын “Космос” чыгармасы, Акимжан Жээнбаевдин "Эскерме кербези" жана Совхозбек Айткеевдин "Вокализ" чыгармалары мыкты хор чыгармалары болуп табылды.

Кайгылуу окуяларга арналган "Үркүн-2016" мыкты музыкалык чыгармалар сынагына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.11.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1916-жылы орустар басканда байкуш канчалаган бей ажал адамдар олуп кетишкен.ачкадан сууктан тонуш олушкон.экен
02.11.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon.alai.,Мен азыр кочодон калчылдаган арык бурушкон иттерди корсом 2016 жылдагы Кыргыздарды элестетем, биздин ата бабалар ошондой абалды башынан откоргон. Кочодогу иттерге нан соок берип жургуло таш менен уруп куубастан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: