super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев парламентти Жогорку Соттун Конституциялык палатасын тезирээк калыптандырууга чакырды

 

Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Сотторду тандоо Кеңешинин сунушу боюнча материалдарды карап чыгып, ошондой эле талапкерлер менен жолугушуунун жыйынтыгынын негизинде Кеңеш сунуштаган бардык 6 талапкерлерге макулдугун билдирүү тууралуу чечим кабыл алды. Өлкө башчы КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын кызмат ордуна шайлоо үчүн төмөндөгү талапкерлерди сунуш кылды:

Чынара Айдарбекова  - КРнын Юстиция министрлигинин ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын зардалы.

Жумадил Макешов - убактылуу КРнын Башкы прокуратурасынын кадрларынын карамагында турат.

Айсалкын  Нарынбекова - Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары.

Чолпон  Осмонова - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы.

Жедигер Саалаев  - КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн талдоо иштер секторунун эксперти,

Нурлан Садыков  - "Конституциялык саясат институту" коомдук бирикмесинин директору. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: