super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министри Кытайдын бир катар өкүлдөрү менен жолугушту

 
Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзеци менен жолугушту
КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзеци

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 17-18-апрель күндөрү аталган өлкөнүн бир нече жетекчилери менен жолугушту. Айта кетсек, министр Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзеци, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Ван Цзяжуэ, Коммерция министри Гао Хучен жана Кытайдын Тышкы иштер министринин орун басары Чэн Гопин менен жолугушту. Анда эки тараптуу өнүгүү жана саясий, соода-сатык, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттарда кызматташтыктын мындан аркы бекемдеши тууралуу сүйлөшүү болду. Тараптар саясий тыгыз байланыштын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, бири-бирине ыраазычылык билдиришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: