Депутат Жамалдинов Ак үйдө айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ жок экенин айтып арызданды



Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов ("Өнүгүү-Прогресс") айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ бар, ал эми башкалардыкында жок экенин айтып арызданды.
"Парламенттин бир катар депутаттарынын иш бөлмөлөрү кенен, кабылдамасы жана душу бар. Ушулбу теңдик? Бардык 120 депутат бирдей шартта иштеши керек. Биздин фракция Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартууну сунуштаган, бирок Конституцияга өзгөртүүлөрдүн демилгечилери бул сунушубузду эске албай коюшту", - деди Жамалдинов. Ал кайсы депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ бар экенин айткан жок.
Депутат Жамалдинов "айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ жок" дейт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

силер кыйратып жатасынарда