Депутат Жамалдинов Ак үйдө айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ жок экенин айтып арызданды



Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов ("Өнүгүү-Прогресс") айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ бар, ал эми башкалардыкында жок экенин айтып арызданды.
"Парламенттин бир катар депутаттарынын иш бөлмөлөрү кенен, кабылдамасы жана душу бар. Ушулбу теңдик? Бардык 120 депутат бирдей шартта иштеши керек. Биздин фракция Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартууну сунуштаган, бирок Конституцияга өзгөртүүлөрдүн демилгечилери бул сунушубузду эске албай коюшту", - деди Жамалдинов. Ал кайсы депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ бар экенин айткан жок.
Депутат Жамалдинов "айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүндө душ жок" дейт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Сапсим эле жоготуптур уятын.
Ак үйдөгү иш бөлмөмдө душ жок дейт.
Иш жакпайбы? шыкырлатсын туягын.
Кечээ президент айткан созду ал болсо, бугун бул.
Бир нерсе дегим келди бирок.
Негизи биздин ЖК баары эле бомж окшойт. Же кв жок, же машинасы жок. Ошого жуунарга да душ талап кылышат окшойт. Бир болсо үйүндө жылуу сууну үнөмдөп жатышабы ?
Айтор карапайым эл кор болдук.
Андан көрө бир чаканы аласыңар,анан сууну жылытып жуунуп алгыла бизге окшоп.Сен көр мен көр кириңер жок болуп кетет.Анан таптаза болуп каласыңар.