super.kg logo
  Саясат  

Терроризм боюнча айыпталган Максат Кунакунов соттогу акыркы сөзүндө бийликтин былыгы сөзсүз ачыларын айтты

 

УКМК тарабынан 2015-жылы "террордук уюмга жардам берген" деп айыпталып камакка алынган активист Максат Кунакунов жакында соттогу акыркы сөзүн айтты. Кунакунов кылмыш иши жасалма экенин, бийликтин мыйзамсыз аракети эртеби-кечпи ачыкка чыгарын белгиледи. Сот процесси жабык өттү, бирок анын акыркы сөзү жазылган аудио интернетке тарады. Анын сөзүнүн урунттуу учурларын сунуштайбыз.

"Урматтуу судьялар, урматтуу адвокаттар, урматтуу мамлекеттик айыптоочулар, урматтуу катышуучулар! Биздин жашыруун соттук процесстердин бардык катышуучуларына белгилүү болду, мунун баары укук коргоо органдары тарабынан жалган жалаа менен түзүлгөн театралдык сценарий. Келгиле, 3 кылмышкер өлтүрүлүп, кылмышка катыштыгы бар деп 6 адам кармалган 2015-жылдын 15-июлундагы окуяга токтололу. Суроо: окуя болгон жерден кармалган 6 адам кайда? Менин шериктерим делген 8 адам азыр менин жанымда турушат. Аларды мен, алар мени биринчи жолу УКМКнын СИЗОсунан көрдүк. Буларды ар кайсы жерден, ар кайсы айда, ар кайсы датада кармап келишти. Булардын бири да 15-июлда окуя болгон жерде болушкан эмес. Мага жана менин шериктерим делип жаткандарга белгилүү, Айбек Арстанбаев деген адам 15-июлда ошол окуя болгон жерден кармалып, кайра жоголуп кеткен 6 кылмышкер менен чогуу кармалган. Бизге белгилүү, мамлекеттик айыптоочулар изделип жатат деген Айбек Арстанбаев УКМКнын СИЗОсунда 5-камерада туура 2 ай отурган. Андан кийин үй камагына чыгарылган. Эгерде мен жаңылбасам, аны судья Термечиков коё берди. Суроо: Айбек Арстанбаев каякта? Же жанагы окуя болгон жерден кармалган 6 жашыруун кызматкерлер кайда?..

...Урматтуу мамлекеттик айыптоочулар! Силер менин күнөөлүү экениме бардык беренелер боюнча бир кичинекей дагы далил тапкан жоксуңар, бирок 30 жыл эркинен ажыратууну сурап жатасыңар. Урматтуу мамлекеттик айыптоочулар, эмне майдаланып 30 жыл сурадыңар? Дароо эле өмүр бою кесүүнү сурансаңар болмок. Ушинтсеңер мени коркуп, кечирим сурай баштайт, мындан ары бийликти сындабай калат деп ойлойсуңарбы? Мен дайыма мыйзамдуу жол менен мурунку бийликти да, азыркы бийликти да сындап келгем. Конструктивдүү жана факт менен. Муну мындан ары да улантам, минтип мени токтото албайсыңар. Тарых баарын өз ордуна коёт. Тергөө учурунда мага тергөөчүлөр "биз солдатпыз, жогору жактан эмне десе аткарабыз" деп айтышты"...






Максат Кунакуновдун соттогу акыркы сөзү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: