ЖЫЛНААМА, 3-НОЯБРЬ: Сильвестр Сталлонени нокаутка кетирген Дольф Лундгрен 59 жашка толду




"Рокки 4" тасмасынан


Теги швециялык болгон америкалык актёр, режиссёр, сценарист жана продюсер Дольф Лундгрен 1957-жылы 3-ноябрда Швециянын Стокгольм шаарында туулган.
Дольф Лундгрен 1985-жылы "Рокки" тасмасынын 4-бөлүгүндө советтик мушкер Иван Драгонун ролун аткарып атактуулукка жеткен. Андан соң "Кичинекей Токиодогу тирешүү", "Универсалдуу аскер", "Аалам башкаруучулары", "Жошуа дарагы", "Жазалоочу", " Ээ-жаа бербегендер" сыяктуу 50дөн ашык тасмаларда роль жараткан. 2004-жылы режиссёр катары дебют жасап, "Коргоочу" фильмин тарткан. Кийин "Механик", "Миссионер", "Кооптуу гастроль", "Өлтүрүүчү машина" тасмалары жарык көргөн.
Кызыктуу фактылар:
- Дольф Лундгрендин өзүнүн аты - Ханс.
- Швед тилинен тышкары англис, испан, итальян, немис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт жана орус, япон тилдерин билет.
- "Рокки 4" тасмасында Сильвестр Сталлоне экөөнүн мушташын чындыкка окшоштургусу келгендиктен, чындап мушташышкан. Жыйынтыгында Сталлоне ооруканага жөнөтүлгөн.
- Өзүнүн 50 жашын Москвада белгилеген.
- Билими боюнча физик, химик.
3-ноябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.