Лейлекте 2 жашар бала жоголуп кетип, 2 күндөн кийин айылынан 10 чакырым алыс жерден табылды



Лейлек районунда дайынсыз жоголуп кеткен бала айылынан 10 чакырым алыстыктагы тоодон алы кетип, жерде жаткан абалда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү Лейлек районундагы айылдардын биринен 2014-жылы туулган М.О. аттуу бала ойноп жүрүп жоголуп кеткен. Бул тууралуу маалымат тиешелүү мекемелерге айтылып, издөө иштери башталган. Териштирүү иштеринин алкагында баланын энеси аны туугандарынын үйүнө убактылуу таштап кеткени аныкталган. Баланы издөө иштери биринчи күнү натыйжасыз болгон. Издөө иштери кечээ да улантылып, саат 15:00 чамасында Адыр-Таш аймагындагы тоонун боорунан табылган.
"Издөө иштерин жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлери дүрбү менен жакынкы аймактарды карап жатып тоонун боорунан кичинекей так көрүшкөн. Аталган жерге барышканда баш кийимин, бут кийимин жоготкон, алы кетип чарчаган баланын жерде жатканына күбө болушкан. Кичинекей бала дароо аймактык ооруканага жеткирилген, учурда анын абалы канааттандырарлык. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Тиги 2 жашар баланын абалын ойлоп кыйын боорум ооруду. Ата-энесине, карап калган туугандарына наалат, бала кароо колунан келбеген...
Кудайга шугур аман экен
эсен экенине))))урааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааааа
Балам менен тен экен. Элестетип жаман болдум.