ЖЫЛНААМА, 3-НОЯБРЬ: Орус математиги Александр Ляпунов жубайы көз жумганда күйүтүнө чыдабай өзүн өзү атып каза болгон

Студенттик жылдарында А.Ляпунов математика бөлүмүндө окуса да, химия сабагына кызыгып, Дмитрий Менделеевдин лекцияларын калтырбай уккан. А.Ляпунов 4-курста окуп жаткан мезгилде гидростатика илими боюнча жазган эмгеги үчүн алтын медаль алган. Ал эми 1881-жылы жаш математик “Оор суюктуктагы оор телолордун тең салмактуулугу жөнүндө” жана “Гидростатитикалык басымдардын потенциалы жөнүндө” аттуу алгачкы эмгектерин жараткан. Бул эмгектерин А.Ляпунов математика илимдеринин кандидаттыгына диссертация катары жактаган.
А.Ляпунов тең салмактуулуктун жана механикалык системдердин туруктуулугунун теориясын ойлоп тапкан. Ошондой эле дифференциалдык башкаруу, гидродинамика жана ыктымалдуулук теориясы тармактарында бир нече эмгектерди жараткан. Ал Петербург, Харьков жана Казань университеттеринин ардактуу мүчөсү, Харьков математикалык коомчулугунун ардактуу мүчөсү, Римдеги академиянын чет өлкөлүк мүчөсү, Париж илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болгон.
1917-жылы июнь айында А.Ляпунов аялы Наталья Рафаиловнанын ден соолугуна байланыштуу Одесса аймагына көчүп барат. Ал кургак учук менен жабыркаган. 1918-жылдын күз айынан тарта окумуштуу Новороссийский университетинде сабак бере баштайт. А.Ляпунов 1918-жылы 28-октябрда аталган окуу жайда өмүрүнүн акыркы сабагын өткөн. Ошол жылы 31-октябрда жубайы Наталья Рафаиловна каза болот. Жубайынын өлүмү окумуштуу үчүн чоң сокку болгон. Аялы көз жумган күнү Александр Ляпунов өзүн атып, 3 күндөн соң өзүнө келе албай университеттин хирургиялык клиникасында каза болгон.
3-ноябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-07
17:08
2025-07-06
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.