super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 3-НОЯБРЬ: Борбордук Африка Республикасынын президенттигинен түшкөн соң, каннибализмге шектелген Жан Бедель Бокасса 75 жашында инфаркттан каза болгон

 

Бокасса I 1966-жылдын 1-январынан 1976-жылдын 4-декабрына чейин Борбордук Африка Республикасынын 2-президенти, 1976-жылдын 4-декабрынан 1979-жылдын 20-сентябрына чейин Борбордук Африка империясынын 1-императору болгон.

Айрым маалыматтарда Бокасса бийликтен кеткен соң каннибалга айланганы тууралуу, кээ бир саясий оппонеттерин крокодил жана арстандарга жедиртип салганы айтылып келген. Ал бийликте турган мезгилде өлкөдөгү бардык окуучуларга анын үй-бүлөсүнө таандык фабрикада тигилген мектеп формасын гана кийүүгө буйрук берген. Мындай чечимге каршы болгондор көтөрүлүш жасаганда, 100дөн кем эмес адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

1980-жылы Жан Бедель 13 кылмыш боюнча жоопко тартылып, ага карата өлүм жазасы өкүмү чыгарылган. Ошондой эле анын мүлкүнүн баары алынган. Ал каннибализм, адам өлтүрүү, мамлекетке тиешелүү акча каражаттарын уурдоо, зордуктоого күнөөлүү деп табылган.

Жан Бедель Бокасса 1996-жылы жүрөк дартынан, жалгыздыкта жана кедей жашоодо жашап жатып каза болгон. Бокассанын 19 аялы жана 77 баласы болгон. Анын жубайларынын бири Екатерина экөөнүн уулу Бокасса II атасы каза болгон жылы Борбордук Африканын императордук үйүнүн башчысы болуп иштей баштаган. 2011-жылы Жан Беделге тиешелүү Франциядагы Ардикур сепили аукционго коюлуп, 915 миң еврого сатылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: