super.kg logo

Казакстандык продюсер Баян Есентаева: "Мурунку күйөөмдү кечирдим, мыйзам кечирген жок. Ар бирибиз өз жазабызды алдык"

 

Белгилүү казакстандык продюсер Баян Есентаеванын (азыр баракчасында фамилиясын Максат кызы деп өзгөрткөн) күйөөсү Бахытбек Есентаевдин күнөөсү аныкталып, 9 жыл күчөтүлгөн режимде абакта жаза өтөө чечими чыгарылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Мурунку күйөөсүнө берилген жаза тууралуу Есентаева Инстаграм баракчасы аркылуу буларды билдирген:

"Аны кечирдим, мыйзам кечирген жок. Жашоо ушундай экен, биздин тагдыр, анын, менин, биздин балдардын тагдыры ушундай болду. Бири-бирибизди түшүнбөгөнүбүз үчүн, балдардын көз жашы үчүн, каталар үчүн, ойлонулбаган чечимдерди кабыл алганыбыз үчүн, болгон окуялар үчүн ыза болом, жан дүйнөм абдан ооруйт. Биз баарыбыз адамбыз, андыктан ката кылууга акыбыз бар. Азырынча менин жашоомдо болгон окуя ката экенин билбейм, бул нерсени убакыт көрсөтөт. Жүрөктүн акылга баш ийбеген мүнөзү бар, мени менен, аны менен дал ушундай болду. Ар бирибиз өз жазабызды алдык. Мыйзам баары үчүн бирдей. 22 жылдык чогуу жашаган мезгилде бардык эле адамдардай жакшы, жаман күндөр болду. Ишенимдүү түрдө айта алам, ал сонун ата. Эми мага балдарды жалгыз тарбиялоо кыйын болот, бирок колумдан келет. Мен эч качан жапа чеккен адамдын образын өзүмө алган эмесмин, бул менин окуям эмес.

Мурунку жолдошумдун тарыхы бүтө элек деп ишенем. Ал күчтүү адам, андыктан ага бир гана ден соолук, чыдамкайлык каалайм жана аны алдыда мыкты жашоо күтүп турат деген үмүтүм бар".

Сөзүн "мен баарын айттым, эми бул маселе боюнча массалык маалымат каражаттарынан тынчымды албоону суранам" деп жыйынтыктаган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Бахыт Есентаев жубайын ур-тепкиге алып, бычак сайып жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
04.11.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менимче кечирген эмес, бирок коомчулукта ар кандай нааразы кеп айтылбасы учун кечирдим деп жаткандай. Б.а.таасирдуу тааныштарынын жардамы менен абакка кестирип очун алды. Элге жакшы корунуп кечирдим деди. Тема ошону менен жабылды. 9 жылдан кийин куйоосу азаттыкка чыкса кайра аны менен жашашына ишенбейм. Конулуно туура келген бирин учуратса куйоосу менен ажырашып, тиги тапканына турмушка чыгып алса керек. Эми калганын убакыт корсотот...
04.11.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Revolyutsiya,
Фамилиясынан бери өзгөртүп жатса кайдан жашамак эле,жашай турган адам же кечирген адам тосмо арыз менен жазадан бошотуп алмак.
22жылдык тарыхы бар үйбүлөнүн урашы албетте трагедия!
Бирок күнөө биргана күйөөсүндө эместир менимче
04.11.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайлаптыр кууу экен бул Баян деген
04.11.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрди эр кылган да кара жер кылган да аял деп бекеринен айтылган эмес экен, Кудай сактасын ушундай аялдардан
04.11.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул катынды эн кыйтыр жаман аял заты деп эсептейм.Калп эле кечирдим дегенин сот чечим чыгарганга чейин.Бул мурда эле ажырашам ,мен аны эч качан суйгон эмесмин деп айткамын деди го. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-04 14:56:56
04.11.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emil0211, этика нормаларын сактап, провокациялык билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуздар! Оозеки эскертүү!
04.11.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото куу аял экен,козу айтып турат
04.11.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым ушундай аял затынан сактасын!ичтен чыккан ийри жылан деген кыргызда соз бар бекеринен айтылбаптыр!Баянхан Сен кыйын болуп каякка барасын?балдарындын атасын каматып балдарындын бетин кантип карайсын?сага окшогон аял затынан кудайым сактасын кара чоор жылан
05.11.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
daniel87,кызыксын го. Алардын ортосунда эмне болгонун так билгендей жазасын. Олуп калса эмне болмок? Эркек башы менен алсыз аялга куч колдонгон алсыздык. Оозу кыйшайып,бир козу башкача болуп журот. Психологиялык жабыр тартканычы. Туура чечим болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: