super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнө келген чет элдик жарандар катталбаса, 10 миң сом айып пул төлөшөт

 

Бүгүн, 4-ноябрда "Тышкы миграция жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсү менен визалык, жөнөкөйлөтүлгөн жана визасыз келишимдерди түзгөн өлкөлөрдүн жарандары милдеттүү түрдө каттоого турушу керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кыргыз мамлекети менен эл аралык келишим бар өлкөнүн жарандарына жеңилдиктер каралган. Андай келишим Орусия өлкөсү менен түзүлгөндүктөн, аталган өлкөнүн жарандары өлкөдө 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Ал эми мыйзам күчүнө кире электе Кыргыз жерине кирген чет элдиктер каттоодон өтүшпөйт. Каттоо өлкөдө жүргөнүнө 5 жумушчу күндөн ашкан чет өлкөлүк жарандарга милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.

Каттоо үчүн:

- тиешелүү формадагы кат (өтүнүч кат);

- паспорт же чет элдик жарандын ким экенин, жарандыгын аныктоочу документ же анын көчүрмөсү;

- мамлекеттик бажы салыгын төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк.

Каттоодон өтүү мөөнөтүн бузган чет элдик жаран административдик жоопко тартылып, мыйзамга ылайык, 10 миң сом айып пул төлөйт. Аларды каттоого алуу Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
04.11.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мамлекеттик бажы салыгын кантип тушунсо болот? Ошондо РФ жарандары КРге кириш учун салык толошубуз керекпи?
04.11.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таможныйнагыларга кудай берет экен да эми, 10000ди 20-30мин кылып ыйлатат экен да
04.11.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда канча кытай бар эч ким билбейт. Алар кааласа катталат кааласа катталбайт. Ошондуктан да стат.комитет менен аларды каттого койгон куч тузумдору, каттоо болумдорунун берген цифрасы чындыктан алыс. Чынында ал цифрадан бир топ коп Кытай журот Кыргызстанда. Бир нерсе болсо аларды "крышовать эткен" чон чиновник табылат, тиги тунку кополокторду милиция озу "крышовать" эткендей эле. Демек регистрациясы жок кытай кармалса 10000сом толоп коюп кайра журо берет экен да...
04.11.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул сумма аз, көбөйткүлө
05.11.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылат,10мин штраф салып кара тизмеге киргизиш керек !
05.11.2016. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа,караса кыргыз элибизди карызга баткырышты ар олкодон карыз ала берип,эми штрафтарды салып нары бери жаапса керекда. Бизде башка олкого караганда суу,кен байлыктар коп,ошонуда сатып,светтида которуп ар нерсе кылып жатышат.
06.11.2016. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурунтан эле ошондойго...биз май айында барганда ошонтип каттоого турганбыз.
07.11.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылсын штраф жата бербей чек араны бузуп кирседа карап отура бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: