super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 4-НОЯБРЬ: 2008-жылы АКШда президенттик шайлоо өтүп, Барак Обама жеңип чыккан

 

2008-жылы 4-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөн. Бул президенттикке жана вице-президенттикке 4 жылдык мөөнөткө шайлоонун 56-сы болуп эсептелет. Ал учурда сенатта дагы жергиликтүү деңгээлде шайлоолор жүргөн. Шайлоонун жыйынтыгында АКШнын Демократиялык партиясынын өкүлдөрү жеңишке жетип, Барак Хуссейн Обама II президент, Жозеф Байден вице-президент болуп тандалган. Алар 2009-жылы 20-январда милдеттерин аткара баштаган. Шайлоодогу жеңүүчүлөрдүн негизги атаандаштары болуп Республикалык партиянын талапкерлери Жон Маккейн жана Сара Пейлин эсептелген.

АКШнын тарыхында биринчи жолу президенттик кресло үчүн эки сенатор ат салышкан. Экөө тең АКШнын аймагынан тышкары жерлерде, Обама Гавайиде, ал эми Маккейн Панама каналынын аймагында төрөлгөн. 1952-жылдан бери биринчи жолу ага чейин президенттик жана вице-президенттик милдетти аркалай элек адамдар талапкерлигин коюшкан. Барак Обама АКШнын эң биринчи афроамерикалык президенти, ал эми Жозеф Байден эң биринчи католик вице-президент болуп саналат. Шайлоонун жыйынтыгында демократтардын партиясы 2072 добуш алса, республикачылар 1517 добуш алган.

4-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: