super.kg logo

Бишкек шаарынын тургуну баласынын чарчап калышына төрөткана кызматкерлерин айыптоодо

 

Эгиз кош бойлуу болгон Надежда Богданова Бишкектеги №4-төрөт үйүндө биринчи кызын аман эсен-төрөп, экинчи ымыркайы төрөт учурунда чарчап калган. Анын айтымында, окуя 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү болгон.

"Ошол түнү №4-төрөт үйүнө түшкөм. Төрөтүмдү Миргүл Исмаилова кабыл алды. Алгач кыз төрөдүм. Экинчисин төрөгөнгө алым келбей калды. Мындан улам жатынды ампутация кылып, баланы күчкө салып тартып алышты. Ымыркайдын көздөрү шишип, денесинин баары көк ала болуп кетиптир. Алгач мага эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Кийин баламды №3-балдар ооруканасына алып барышып, ал жакта жүрөгү токтоп калганын айтышты. Мындай окуянын келип чыгышына дарыгерлерди айыптайм", - дейт Надежда Богданова.

Ал эми аталган төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекова чынында эле ымыркайдын каралбай калганын айтты. "Төрөттү кабыл алып жаткан акушер-гинеколог ичтеги баланын жүрөгүн тыңшап, бир мандем бар экенин сезген. Мындан улам ал нөөмөттөгү дарыгерлерди издеген, бирок алар да бошобой калышкан. Ошол учурда ымыркай каралбай калган", - дейт башкы дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
05.11.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Иий 4-тороткананын атын укканда эле журогун титирейт...
05.11.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чарчап калганда арабызда арызданбаганы канча...акчаны киргенделе оозу мурдуна тыкпасан эле карашпайт
05.11.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
мен 3 баламды тен 4-роддомдон тородум тортунчу баламды ал жака баргандан коркуп жатам бирок баары Аллахтын колунда
05.11.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akcha berbei koiso kerekta
05.11.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
2 же андан коп наристе кутулуп жаткан болсо кесарево кылып торотушчу эле го, жанылышпасам.
05.11.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы торот канада жакшы карайт болду экен.....
zavi95 түзөттү 2016-11-05 12:50:23
05.11.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Копчулук учурда врачтардан деле кетет. Озумдун практикамда 34 жумалык торолгон кызыма выпискасына 38 жумалык деп жазып коюшуптур. А бирок моюндарына алдырыш кыйын го.Убагында операция жолу менен тортуп алышканда бала да аман калмак да. Эми маткасын ампутация кылып салышса эми торой албай калды да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: