super.kg logo

Нарын шаарында 40 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү аялга эл жана кайрымдуу адамдар үй салып беришти

 

Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Жаркынай Ташикеевага үй салынып берилди. Ал 1-топтогу майып, тубаса бир кулагы укпайт жана бир көзү көрбөйт. Ошентсе да түймө түйүп, курак курайт.

"Күн чырагы" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Шакен Жакыева Ж.Ташикееванын үйлүү болуп калышы кандайча ишке ашканын айтып берди.

”Жаркынай Ташикееванын ата-энеси каза болуп калган. Кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга турмушка чыгып, 1 кыздуу болгон. Кызы да каза болуп калды. Күйөөсү экөө 4 жыл батирде турушуп, кийин ал батирди ээси сатып жибергендиктен жашаганга жери жок калышкан. 2012-жылы чуркап жүрүп мамлекеттен жер алып бергенбиз, өткөн жылы үйдүн пайдубалы куюлду. Быйыл кандай кылып салабыз деп айлабыз кетип, “Кайрымдуу бол” деген үкөк уюштурдук. Жергиликтүү бийликке, мэрияга, шаардык депутаттардын төрагасына, мекеме-ишканаларга, атуулдарга кайрылып отуруп 3 айда 70 миң сом чогулттук. Анан үйдү салып баштадык, күйөөсү болсо курулуш башталганда эле кетип калды.

70 миң сомго үй салуу деген азыркы заманда адам ишене турган сөз эмес дечи. Эшик-терезелердин кашектерин, курулуш материалдарынын бир тобун элден чогулттук. Карапайым эл, кайрымдуу адамдар колдон-буттан алып жардам берип жиберишти”.

Ш.Жакыева маалымдагандай, Жаркынай Ташикеева 40 жашта. Ал 14 жылдан бери аталган коомдо мүчөлүктө турат. Жаңы салынган үй 3 бөлмөлүү. Үйдү жылуулук жана электр энергиясы, суу, телефон сыяктуу зарылчылыктар менен камсыз кылуу маселелерин жергиликтүү бийлик чечип берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
04.11.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Алла ыраазы болсун!
04.11.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Элден айланса болот...
04.11.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллах бооуркер инсандардан ыраазы болсун. Ушундай боорукерликтен чондорубуздун баарына насип этсин. Оомин!!!
04.11.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
sarbo,чондорго алар омур бою тойбойт ал эми муфтият жергиликтуу мечеттер жума сайын сайын садага секет чогулултуп эле жатат ал кайда кетип жатат деги бей бечерага жумшалды дегенди уккан жокпус.
07.11.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moskoy,туура айьасыз
04.11.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматтар бар болгула . силерге кудайдан жакшылыктар кайтсын ылайым
04.11.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ар бири чыныгы патриот!!! колдору дарт көрбөсүн!!!
04.11.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иий аябай жакшы болуптур эми документтерин тууралап беришсе экен.
05.11.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алла ыраазы болсун жердештер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: