super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев Атамбаевдин аны "балашка" деп кемсинткенине жооп берди: "Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт..."

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Атамбаевдин аны "балашка" деп кемсинткенине 4 сап ыр менен жооп берди. Депутат Фейсбуктагы баракчасына:

"Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,
Көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт.
Жолду көрбөй жок болушат акыры,
Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт", - деп жазды.

Айта кетсек, 4-ноябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев журналисттерди куттуктап жатып: "Жанар Акаев деген жаш балабыз айтыптыр, Акаев, Бакиевдин эмне залакасы бар деп. Ал “балашка” билбейт го. Анткени анын шайлоодо да каражатын биз көтөрүп бергенбиз. Бирок Акаев менен Бакиевдердин азыркыга чейин каражаттары келип жатат да", - деген эле. Президенттин минтип айтышына Жанар Акаевдин "Качанкыга чейин Акаев, Бакиевди өлкөнүн өнүкпөй жатканына шылтоо кыла беребиз? Эмне алар келип бизге тоскоол болуп жатышабы? Токтотпойсуңарбы ошонуңарды?!” деп айтканы себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 32 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: