super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-НОЯБРЬ: 1938-жылы коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов атылып өлтүрүлгөн

 

Мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы (1927-1933), РСФСР ВЦИКтин мүчөсү Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл районунда манаптын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жаратылышынан зээндүү Жусуп алгач орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайында билим алып, тилекке каршы, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн айынан окуусун токтоткон. Эл менен Кытайга үркүп барып, февраль революциясынан кийин туулган жерине келип, Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген. Анын табиятынан зээндүү, дилгир экенин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алматы) шаарына алып барган. Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, мурда кат-сабаты жоюлган Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн. Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы аскердик окуу жайга кирет. Ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.

Жусуп Абдрахманов 1919-жылы кыргыз жаштарынын алдынкы өкүлү катары комсомолго өтүп, анын саясий ишмердиги дагы ошол чөйрөдөн башталган. Абдрахманов 1920-жылы РКСМдын (Российский коммунистический союз молодёжи) 3-съездине Кыргыз мамлекетинин атынан барган. Ушул съездде Жусуп Абдрахманов коммунисттердин жол башчысы В.И.Ленин менен жолуккан.
27 жашында, тактап айтканда, 1927-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрына чейин Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы, азыркыча айтканда, премьер-министри болгон. Жаш, ишке жөндөмдүү адис катары тез эле жетекчиликке көтөрүлгөн. Абдрахманов ушул кызматта отуруп, өнөр жайга, республиканын чарбалык-маданий курулушунун пайдубалын курууга активдүү катышкан.
1933-жылы 26-майда ВКП (б) Борбордук комитети "Республикада (Кыргыз мамлекети) дан азыктарын бекитилген планга каршы ысырапкорчулукка жана уурдап жок кылууга жол берилип, чара колдонбогондугу" жөнүндө токтом кабыл алган. Ушул эле жылдын 22-сентябрында партиянын Борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен Жусуп Абдрахманов кызматтан бошотулуп, 14-октябрда партиядан чыгарылат. Андан кийин Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалат. Ал эми 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.
5-ноябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
05.11.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атаганат, азыр ушундай аталар болгондо Кыргызстан гүлдөп, эч кимге баш ийбей, күркүрөп турат элек.
05.11.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ленин менен жолуккан адам оной адам эмес. Бул дагы жеп койонго походу дела
05.11.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ali-han,жеген эмес ал кезде да коро албастар болгон?артка тартып турган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: