"Бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди
18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “КРнын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 14-мартта кабыл алынган. Аталган мыйзамга киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, өздүк ишти жүргүзүү тартиби өкмөт тарабынан, ал эми өргүү берүү тартиби жана курал жана атайын каражаттарды алып жүрүү, колдонуу тартиби КРнын мыйзамдары менен аныкталат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

