super.kg logo

Бишкектеги №4-төрөтканадагы окуяны министрдин милдетин аткаруучу Батыралиев өз көзөмөлүнө алды

 

Бишкектеги №4-төрөтканада баласынан жана жатынынан айрылган 26 жаштагы келиндин ишин саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Талантбек Батыралиев өзү көзөмөлгө алып, ага себепкер болгон дарыгерлердин ишин карап чыгат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Батыралиевдин айтымында, дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап коё электе чара көрүш керек. "Жабырлануучуларга менин телефон номурумду берип коюңуздар. Мен кайсы учурда чалса же келсе кабыл алам. Бул ишти дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап коё электе чара көрүш керек. Эч бир окуя көз жаздымда калбайт. Баарына жооп берүүгө даярмын", - деди ал.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын тургуну баласы чарчап калганы аз келгенсип, жубайынын жатынын жашыруун алып салган деп Бишкектеги №4-төрөткананын дарыгерлерин айыптоодо. Маалыматка караганда, 26 жаштагы келиндин баласы чарчап калган. Андан кийин дарыгерлер келиндин жатынын айтпастан алып салышканы бир нече убакыттан кийин билинген. Өз атын айтпоону өтүнгөн Бишкек шаарынын тургуну аялынын жатынын алып салганы үчүн чуу чыгарбоону суранып дарыгерлер ага 100 миң сом акча бергенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
07.11.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХ жаза берет экен да ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-07 09:13:34
07.11.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bakyt9, ММКларга министрлик тарабынан бирдей маалымат тарагандыгына байланыштуу макалалар окшош болот. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-07 09:23:44
07.11.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызык? министр эми угуптурбу мындай жанылыкты? оз ишине кайдыгер карап канчалаган энелер жаны торолгон балдарынан айрылып калышты. Министр и.о болуп кайрадан министрлик креслого олтуруштун айласын коруп жататко деген ой келди. Эмне учун башка убакта козомолго алган эмес, биринчи, экинчи, учунчу, тортунчу жолу болуп жаткан жокко.Бул 4 торотканада коптон бери эле ызы-чуу болуп келе жатат. Тийиштуу чаралар корулбогон учун улам ушундай корунуштор кайталанып жататда.
07.11.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дарыгерлер 100 мин берсе бул серезный го куноолорун сезген экен дарыгерлер копчуоук маалда жалган история жазып жаап койушат,ушундай былыктарын чыгарып турса олум азыраак болот беле жоопкерчилик дегенди билип...
07.11.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жатындан айрылуу деген омур бою инвалид бооуп калуу торобос болуп калуу деген 100 мин доллар берип да кайтаралгыс нерсе экенин билишеьи ак халатчандар. Ушуну окуп торогондон да коркосун адам....
07.11.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул роддомду жабыш керек дайыма криминал бейтапкана ьолду врачтарды экинчи эч жака жумушка кирбегендей кылып трудовойуна жазыш керек.
08.11.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо Кудай озун сактай кор!
Мен да жакында ушул роддомдо торойм Кудай онунан берип ыймандуу иш билги жакшы врачка туш келсем экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: