super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-НОЯБРЬ: Бүгүн Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү

 

1917-жылдын 24-октябрында (жаңыча 7-ноябрда) Орусия империясынын борбору Петроградда тарыхый окуя болуп өткөн. Бул күнү Большевиктер партиясынын жетекчилигинде башталган куралдуу көтөрүлүш жеңиш менен аяктап, Убактылуу өкмөт кулатылып, анын ордуна Советтердин бийлиги орнотулган. Советтердин Бүткүл орусиялык 2-съезди В.И.Ленин башында турган жумушчу-дыйкандардын биринчи өкмөтүн - Эл Комиссарлар Советин шайлаган. Съездде эң маанилүү маселелер - тынчтык жана жерге болгон жеке менчикти жоюу жөнүндөгү декреттер кабыл алынган. Орусия империясынын курамындагы улуттардын тең укуктуулугу жарыяланган.

Кыргыз өлкөсү 1917-1924-жылдары Түркстан АССРинин курамында туруп, 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара кыргыз (1925-жылдын майынан Кыргыз) автономиялуу облусу түзүлгөн. 1926-жылы февралда Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз АССРине, 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланган.

СССРде Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү 1918-жылдан тарта белгилене баштаган. Эгемен Кыргыз Республикасында 7-ноябрды Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган.

7-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(16)
07.11.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жашасын революция!!! Жашасын СССР!!! Бул революция кыргыз элин кыргындан сактап калып Мекенибизди, мамлекеттуулугубузду кайтарып берди. Карангы элибиздин кат-сабаты жоюлуп 70 жылдык тарыхыбызда жуздоп завод-фабрика курулуп, дыйканчылык, мал чарбачылыгы, кен казуу ж.б.жолго коюлду. Миндеген чакырым кара жолдор, темир жолдор салынды, автовокзал, ж.д.вокзал, аэропорттор курулду. ГЭСтер курулуп тээ алыстагы чабандын кашарына чейин электр энергиясын тартып барып жарык жеткирди.
07.11.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маданиятыбыз онукту, мыкты акын, жазуучу (прозаик), драматург, опера балет жылдыздары, суротчу ж.б.ошол доордо чыгып кино тармагы алтын доорун жашады. Эл кыйын кундорду женип отуп 8 сааттык жумушка жетип, ар танда жузундо кубаныч менен ойгонуп турду. Анткени мамлекет аларга шык, умут тартуулап кам коруучу. Элдин курсагы ток, кийими бутун, ынсаптуу, ыймандуу эле... Анан да темирдей тартип болуп кары-жашы баары мыйзамды сыйлачу...Айтор ошол доорго данк жана данк!!!
07.11.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал эми азыр баары тескери, мечит-медресе кобойгону менен элден ыйман качты (бул жерде куноо ислам дининде эмес, коомдо, адамдардын озундо). Баары алсам-жулсам деп жутунуп турат, колунда жогу да, колунда бар байы да. Элде ынсап жоголду. Мамлекет элди бакпай эл бийликти бага баштады, ал жакпаса алтын-кумуш сатып, жерин-суусун сатып миллиард топтоп алышат. Эл сабаттуу болгону менен тушунугу, дуйно таанымы томондоп кетти. Маданият кризиске кептелди айрым бир тапмактарын эске албаганда.
07.11.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Союздан калган завод-фабрикалар, ферма, МТС баары баары кыйрады. Азыр мамлекет оз кучу менен бир ГЭС же аэропорт кура албайт же оз акчасына жол сала албайт. 25 жылда болгону мамлекет жол салыптыр, Датка-Кемин комок чордонун ишке киргизиптир, мунун баары тышкы карыз, кредиттердин эсебинен бутту. Айтор мамлекет эч нерсеге жарамсыз. Олкодо тартип жок, мыйзам иштебейт. Кимдин таанышы кучтуу, капчыгы толо акча болсо мыйзам (соттор) ошонун созун суйлойт. Кыскасы бир соз менен анархия!
07.11.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олкодо жумуш жок, табылса да маяна ото аз, корпупция гулдоп майлуу-суттуу кызматтар бир ууч байлардын менчигинде. Карапайым элдин жарымы Россия, Казахстан ж.б.тентип журот оор жумушта кыйналып иштесе да чыдап уй-було багайын, там салайын деп... Кыргызстанда калган жарымы (карапайым элдин) ар аткан танда заарканып ойгонот, бугунку кун кандай отоор экен деп. Карыз-кредит ж.б.ж.б.баш оорулары толтура. Эртенки кун кандай болоорун эч ким билбейт. Мурункудай эртенки кунго ишенуу жоголгон.
07.11.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Союз убагында миндеп мектеп, бала-бакчалар курулуп, ооруканалар, институттар (бугунку университет), маданият уйлору, филармония, драм театрлар, ар айыл сайын клуб, дукон, китепканалар, шаарларда парктар ж.б.курулуп калган экен. Билим беруу, саламаттыкты сактоо жыл сайын сапаты артып бараар эле. Мына капитализмге келип акчасы жоктор торотканада каралбай калууда. Акчасы жок ата-эне балдары каралбай олуп кетуудо. Акчан болбосо врачтар карабайт да, операция да жасабайт.
07.11.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дары дармек баасы асманда. Ошол себептуу бир топ адамдар операциядан баш тартууда. Жарым миллион-бир миллион сомго дарыланып уй-булосун кыйнагыча ошол бойдон озу кыйналып олуп кетууну абзел коруудо. Бул факт. Дыйкандарга барсан жерлери арыктап буткон, агроном жоктугу корунуп турат. Жайыттар такырлана тушкон. Кай жерде кен болсо кыргыздар иштеп пайдасын бийлик менен кытай, казак, канадалыктар коруудо. 25 жылда козго толоорлук эч нерсе жок... Айтор айта берсе арман коп...
07.11.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн башкысы 25 жылдан бери бийлик экономикада осуш болуп жатат деп алдап келе жатканы. Чынында экономикабыз кобунчо артка карай "осуп", ийгиликтуу жылдары ордунда токтоп калат. Кааласанар 1985-89-жж. экономикабыздын абалы менен учурдагы абалын салыштыралы..
Ошондо канчалык артка кеткенибизди тушунуп жетууго болот..

Revolyutsiya түзөттү 2016-11-07 12:13:07
07.11.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Союзду жаман деп бир ууч демократтарды ээрчип отуруп капитализдин сазына батып мына базар экономикасынын жемишин татып отурабыз, анын жемиши базарга агылган эл, миллиондой мигранттарыбыз жана бийликти менчиктеп алган бир ууч бизнесмен депутат-министрлер...

Анан да майга жетпеген мышык сасык дейт дегендей Союзду жамандап калабыз...

Эми СССР кайтып келбейт, бирок Кыргызстан озу ошол Союздун жакшы жактарын улгу алып улгулуу мамлекет курсак болоор эле го...

Аны
07.11.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2

Азыр ал тууралуу баш катырып элдин жашоосун, эртенин-келеченин ойлогон эч ким жок, корунбойт...
07.11.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашасын СССР дениз)))
07.11.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул куну биздин улуу атабыз Ленин революцияны ишке ашырып, кыргыз жана биз сыяктуу майда улуттарды падышалык Россиянын кыргын-кордугунан сактап калган. 70 жылда Кыргызстанды экономикасы, билими жана чарбасы гулдогон мамлекетке айланткан. Окунучтуусу СССРден калган коптогон материалдык жана интелектуалдык потенциалыбызды сактап кала албай бут талкалап сатып туготуп алдык.
07.11.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90-жылдан кийин демократия деп жатып мурунку феодализмге кандайча тушуп кеткенибизди озубуз байкабай калдык. Феодалдык мазмундагы адамдар бийликте пайда болду.Мазмуну феодализм, бай-манапский менен бир формасы гана башка жуздор пайда болду мамлекетибизде
07.11.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы, май-манап-азыркыча бизнесмен-чиновик. каракчы- азыркысы рекет,ОПГ; баш-кесер- киллер; кылыч,канжар, айбалта (баш кесердин куралы)- снайпер, автомат, пистолет(киллердин куралы). бий-болуш-азыркыча губернатор, аким. Илгери бул адамдардын унаасы кулук, тулпар,жорго аттар болгон. Азыркыча Лексус, внедорожник ж.б.у.с.Мына ушундай мазмуну бир, а формасы гана башкача.
Aser80 түзөттү 2016-11-07 18:10:07
07.11.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгону карапайым элдин гана мазмуну озгоргон эмес. Илгери май-манапка, бий-болушка салык толоп, супсулуу жаш кыздарын аларга токолдукка тарттырып жиберип,каракчы, баш кесерлерден запкы жеген карапайым эл болгон. Азыр деле чиновиктерге ырыскысын жедирип,жашоонун айынан Россияга тентиген, жокчулуктан супсулуу кыздардын сойкулукка барып, чиновиктер токол алып дегендей эле мурункудай карапайым эл.Айта берсе коп соз кыскасы.
07.11.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатта болсо азыр баягы эле Абил бий, Кудаяр хан, Шералы хан,Жантай хан, Мусулманкул, Мойдун баш кесер, Кор-Шермат сыяктуу жуздор. Анча-мынча гана Нузуп, Алымбек датка, Курманжан датка сыяктуу адамдар болбосо. Болсо деле аларды саясатка жолотпой жатышат биздин азыркы бай-манаптар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: