СУПЕРСТАН: "Аялымды жек көрө баштадым..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялымды жек көрө баштадым" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Достор, айткылачы, ата-энеге каяша айткан аялды эмне кылат элеңер?"
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Сиз менен чогуу жашабагандан кийин үй-бүлөңүз жөнүндө билбейбиз. Балким, ошентип тил кайрышына жеткирип жаткандыр".
"Ата-энеге тик карап, каяша айтканга уул, кыз, келиндин акысы жок! Ошондуктан тизгинин тартып коюңуз демекчимин".
"Жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан да ийининен чыгат" деген сөз бар эмеспи. Балким, ошого чейин жеткирип жаткан чыгар. "Келин жаман эмес, келген жери жаман" деген да сөз бар. Ал сизге, үй-бүлөңүзгө сөз кайтарып жаман сүйлөсө, сиз аялыңызга сүйүү тартуулаңыз. Биринчи сиз өзгөрүп, аялыңыз уяла тургандай кылып көрүңүз".
"Ошого жеткизгендир да" дегендер, эмне кылып жатса да ата-эне деген ыйык болот. Биз, жаш муундар, аларды сыйлоого милдеттүүбүз. Эртең эле ошолордун ордун биз басабыз, анан аларга көрсөткөн урмат-сыйдын акыбетин көрөбүз. "Улууну сыйласаң, кичүүдөн сый көрөсүң" дейт. Эмне болгон учурда да, ата-энеге урмат-сый жана даңк!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.


капа кылбай жашаш биздин милдетибиз
катынын ата ененне соз кайтарса
акырын тушундур.
еч еле болбосо шапалак менен жаагына
бир еки чаап кой ошондо тушунот.
кее бир катындар ошо шапалакты
жегенде ушунотда.
Ал аз келгенсип баласына жаманда сабатат. Ошондойлорго ошондой каяша айткан келин керек негизи. Сазайын берген!