super.kg logo

Бишкек шаарынын Күрөңкеев, Кудрук, Орозбеков көчөлөрүнүн абалы начар

 
Көчөлөрдүн аталышы орусча жазылып илинген
Көчөлөрдүн аталышы бирдей стандартта эмес

Бишкек шаарынын Күрөңкеев, Кудрук, Орозбеков көчөлөрүнүн абалдары начар. Жолдо пайда болгон аң-чөнөктөргө суу толуп, унаалардын жүрүүсүнө жана жөө жүрүүчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келет. Күрөңкеев көчөсүнүн жашоочуларынын айтымында, акыркы 4 жылдан бери тийиштүү кызматтар тарабынан каралбай калган.

Жашоочулар курулушка керектелүүчү кум-шагылдарды жол четине төгүп салышкан. Ал эми таштандыга ыргытылуучу курулуш калдыктары, буталган дарактардын шактары тротуарда чачылып жатат. Айтор, аталган көчөлөргө шаардык жашылдандыруу, таштанды тазалоо, жол куруу кызматтары басып келбегени көрүнүп турат.

Жолдордун абалы боюнча Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда: "Күрөңкеев көчөсүнүн абалы оор. 2017-жылы бул көчөнүн Осмонкул көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейинки аралыгы оңдолот. Жалпысынан 6 чакырым 700 метр жерине асфальт төшөлөт. Бул жол 1-Май, Свердлов райондорун аралап өтөт. Ал эми 2017-жылы Кудрук көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Махатма Ганди көчөсүнө чейин 1 чакырым 700 метрине асфальт төшөлөт", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.11.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кочо эчнерсе эмес Лущихина кочосун келип корсонор озунар ачылат
09.11.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mambo-1984,айылымдын жолу тегиз чынын айтайын,асфальт жок,бирок ункур-чункурлары да жок.
09.11.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куренкеева кочосу жаандан кийин бассейн болуп калат
10.11.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кока кола заводун машиналары эле бузду ошол жолду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: