super.kg logo

Ак үйдүн батыш тарабындагы эс алуу багы каралбай, таштандылар чачылып жатат

 

Бишкектеги Ак үйдүн батыш тарабындагы эс алуу багы таштандыга толуп, куураган арчалары алмаштырылбай, дарактардын сынган бутактары алынбай калганы анын кароосуз калганынан кабар берип турат. Мындан сырткары жарактан чыккан күркөлөр Ак үйдүн көрүнүшүн гана бузбастан, эс алуучулардын көңүлүнө терс таасир берүүдө. "Көк майсанды басууга болбойт" деген эскертме илингени менен, андагы чөптөр тебеленип, жалбырактардан тазалана элек. Сейил бактагы ураган эски курулуш, таштандыга айланган жай шаардын көркүн кетирип жатат. Өлкө башчынын "кеңсесинин" жанындагы мындай абал баарына өөн учурайт.

Борбор калаада жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзгөн ишкананын өкүлү бүгүн, 8-ноябрда аталган эс алуу багын тазалоого киришерин билдирди.

"Куураган арчалар, дарактардын сынган бутактарын тазалоо биздин жумушубуз. Ак үйдүн айланасын иретке келтирүү аракетин көрөбүз", - деди Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасынын адиси Токтобек Абдыкеримов.

Ал эми 1-Май районунун акиминин орун басары бул жагдайды дем алыш күндөрү узакка созулганы менен байланыштырды.

"Ак үйдүн батыш тарабынын таштандыга толуп кетиши 3 күн катары менен дем алыш болгонуна байланыштуу деп ойлойм. Бул маселе дароо көзөмөлгө алынат. Бүгүн тартипке келтиребиз", - дейт 1-Май районунун акиминин орун басары Руслан Шаратов.

Шаардагы муниципалдык жайлар сөзсүз түрдө бирөө көзгө сайып көрсөткөндө гана оңдолуп-түздөлбөй, ар бир тиешелүү ишкана жооптуу иш алып барса, жашоочулар да ошондой шартка көнүп, шаардын инфраструктурасы жакшырат беле...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
08.11.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Борбордун так ортосу ушундааай
08.11.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындай кетиште Таштандыстан болобуз деги эле Кыргызстандын 7 бурчу тантандыга толгон көчөлөр буга өзүбүз дагы күнөөлүбүз тарбия да начар Государство төлөп берет деп көнүп калганбыз туш келди жерге желим бөтөлкө, целлофандарды тамекинин кутусун ж.б ыргытабыз. Таштанды кутулары жетишсиз анан дагы толуп ашып турат биздин дворниктер Орусияда иштегендей иштешсе таза болмок. Ар бир ишкана болобу дүкөн болобу ар бири өзүнүн тушун күндө тазаласа мындай болбойт эле.
08.11.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ак үйдүн ичи деле таштандыга толуп жатпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: