super.kg logo

Өзбекстан менен Тажикстан түз аба байланышын жандандыруу ниетинде

 

Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы түз аба байланышы 2017-жылдын биринчи жарымында калыбына келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Uzbekistan Airways" компаниясынын башкы директору Валерий Тянга шилтеме кылып жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

"Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы каттам "Узбекистон хаво йуллари" Улуттук авиакомпаниясынын жайкы ырааттамасына киргизилет. Бирок каттам андан эрте да ишке киргизилиши мүмкүн, ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - деп билдирди өзбек авиакомпаниясынын жетекчиси.

Буга чейин Тажикстандын Транспорт министрлиги да Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы түз аба байланышын калыбына келтирүү ниети тууралуу билдирген. Мекеме башчысы Шерали Ганжалзода алар тараптан аба транспорту жаатында кызматташуу тууралуу 7 өлкө, анын ичинде Өзбекстан менен макулдашуунун долбоору иштелип чыкканын айткан. Тажикстан коңшу Өзбекстан менен аба байланышын жандандыруу жаатындагы бардык жараяндарды колдойт деген тажик министри.

Өткөн жылдын башында "Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Дүйшөмбү Эл аралык аба майданына кат жөнөткөн. Анда майдандын кызматтарынын баалары жана анын өзбек жүргүнчү ташуучу учактарын кабыл алууга даярдыгынын деңгээли тууралуу маалыматтарды берүү өтүнүчү жазылган. 2015-жылдын апрелинде Дүйшөмбү Эл аралык аба майданынын расмий өкүлү алар Ташкентке тиешелүү маалыматтарды жөнөткөндүктөрүн ырастаган.

Өзбекстан менен Тажикстандын шаарларынын, анын ичинде Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы аба каттамдары 1992-жылы, Тажикстанда Жарандык согуш башталганда токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
07.11.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дуйшомбу дебей Душанбе деп жазсанар энчилуу аттар которулбайт жана баш тамга менен жазылат деп окуткан эмеспи?
07.11.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
tursunbaev78,котруп эле айтып келе жатпайбызбы мисалы бейжинг дешибиз керек эле пекин дейбиз чина дешибиз керек эле китай дейбиз
07.11.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
etaj_rus79,
Баракелде,азаматсыын!
07.11.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
etaj_rus79,Бейжинг Бейжинг деп эле айтылат, чина бул англисче, кыргызчасы Кытай эле. Орустар бизден кокоторгон китай деп. Дуйшонбу деп илгертен эле айтылган кыргызда...
08.11.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
etaj_rus79,бээжинг менен пекиндин айырмасы Бишкек менен оштой тушунуктуу тилде айтканда.
07.11.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Негедир азыркы президенти жумушун жакшы жышаан менен баштады. Биз менен дагы мамилени жакшыртып. Ушунусунан жазбасын.
07.11.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгерде Шавкат Мирзиоев коншулары менен алакасын жакшыртып Каримовдон озгочолонуп коп тосколдуктарды жоюп элдин жашоосун женилдетпесе элдин унун укпаса Озбекстанда да ото кучтуу опозиция бар. Эл бир которулсо 2-Сирия болушу турган иш. Ошого элдин жашоосун женилдетип коп тоскоолдуктарды жоюп женилдетуу менен элди жана опозицияны кармап турбаса эл 27 жылдык айоосуз режимден тажап кокосуна жеткен. Мындай кылбаса эл бир которулот токтотуш ото ото кыйын болот.
07.11.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ERCHOROEV, өзбек эли коркок келет, асманга эки жолу ок атса тырымтыракай жоголуп кетишет.
07.11.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
take220281, коркок адам болот коркок эл болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: