super.kg logo

Бишкекте кампада чыккан ири өрттү өчүрүүдө 2 өрт өчүрүү кызматкери жаракат алган

 
Солдон оңго: Нуржан Осмоналиев, Нурлан Ташмамбетов

Бишкекте күйүүчү-майлоочу каражаттарды сактаган кампадагы өрттү өчүрүү учурунда 2 өрт өчүрүү кызматкери жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда кырсыкка байланышкан маалымат жыйында белгилүү болду.

"Кампадагы өрттү өчүрүү учурунда кыйынчылыктар жаралды. Алсак, суунун булактары жок болгондуктан, жанындагы аймактардан ташып келип жаттык. Бир кызматкерибиз газга ууланып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборуна жеткирилди. Учурда абалы жакшы. Дагы бири күйүк алып, ага жеринен биринчи жардам көрсөтүлдү, учурда абалы жакшы, кайра жумушка чыкты.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 13 өрт өчүрүүчү техника, 4 суу ташыгыч унаа, андан тышкары Ички иштер министрлигинин, "Тез жардамдын" кызматкерлери, Өрт өчүрүү кызматынан 119 кызматкер катышты. Кампа "Чексиз" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болуп, ал жайды 4 ижарачы иштетип жаткан. Азыр алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталып, келтирилген чыгымдар эсептелип жатат", - деп билдирди Өрт өчүрүү кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Ташмамбетов.

Айта кетсек, өрт боюнча маалымат 5-ноябрь күнү саат 13:03 чамасында келип түшкөн. Анда Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде пенобетон чыгаруучу заводдо өрт чыкканы айтылган. Кийин өрт кырсыгы күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган кампада чыкканы, 2,5 миң чарчы метр аянтты чапчыганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: