super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Чет жерде жүргөндө кыргыздарды көрүп калсам уялып, көрмөксөнгө салып коём"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чет жерде жүргөндө кыргыздарга жардам бересиңби?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Акыркы маалда көп кыргыздар чачырап, баарыбыз эле чет жактарда жүрөбүз. Мисалы, мен чет жерде жүргөндө кыргыздарды көрүп калсам, өзүмдүн бир тууганымды көргөндөй болуп, көздөрүм жайнап сүйүнүп кетем. Жардам сурашса, колдон келишинче жардам берүүгө тырышам. Кыргыздар көп жерге барып калсам да сүйүнүп, "баары биздикилер, эч ким капа кыла албайт, бир нерсе болсо болушат же жардам берет" деген боордоштук сезимим жандана түшөт. Эң жакшы көргөн, Ата Мекенибиздин желегинин сүрөтү тартылган футболкамды кийип жүрө берем. Кыргыздын оймолору түшүрүлгөн кийимдерди кийип чет жерде баш көтөрүп жүргөндүн өзү сыймык. Кыскасы, Кыргыз жергесин абдан сагындык. Кыргыздар бирин-бири талап-тоноп, өлтүргөндү, уурдаганды коюшса жакшы болот эле. Москвада жүрүп бири-бири менен касташып кеткен кыргыздар тууралуу көп уктук. Биримдикте бололучу, туугандар".

"Жардам сураган кыргыздарга колумдан келген жардамымды берем. Бир жолу метронун кире бериш жеринде бир аксакал таяк таянып туруптур. Чатырдан кулап түшүп, бутун сындырып алганын өтө капалануу менен айтты. Билет алып кеткенге акчасы жетпей жатканын айтканынан 200 рубль акча бергем".

"Мен көп эле жолу жардам бердим. Кээ бири эптеп акча алыш үчүн жардам сураганын көрүп-билип турсам да, сөз менен түшүндүрүп, колуна акча карматкан күндөр болду. Аянычтуусу, метродон ыйлап турган кыргыз кызды көрүп, жардам бере алган эмесмин. Көрсө, ал кыз боюнда болуп калганына ыйлап жаткан экен".

"Мен телефонумду сурап калгандарга берип турчумун. Бир жолу 1998-жылы туулган кыз батиринин акчасын төлөй албай калганда үйүнөн кууп чыгышкан экен. Аны үйүбүзгө алып келип, кийин жумушка орноштуруп бердим. Ошондой жардам кылганыма сүйүнөм. Кийин ал кыз иштеп, акчасын чогултуп алып өлкөбүзгө кеткен".

"Чет жерден кыргыздарды көргөндө көрмөксөн болуп коём. Сураса жооп берип коюшум мүмкүн, өзүм сөз баштабайм. Ооруканада практикада жүргөндө, тилден кыйналып жаткан бир кыргыз баланы көргөм. Учурашып коёюн деп уялып, басып бара албадым. Эртеси сөзсүз учурашам деп даярданып, айтар сөзүмдү камдап барсам, башка бөлүмгө которуп салышыптыр".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
08.11.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Мен да уялам, корком....коп эле жолу болгон кыргыз балдар тийишишет, ошондо я вас не понимаю деп дурочка болуп кетип каласын. Суйлошойун дейсин, бирок тийишип турса, кимдин эле суйлошкусу келсин!
08.11.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сойруксунор да кандай эле уяласынар салам айтса алик алып кой, тийише кыргызча эле тушундур, жардам сураса жардам бер, ар бир адамдын башына келуучу нерсе да.Жаман болсо да кыргыздардан башка кимибиз бар биздин. Бакиев менен Акаевге караганда биз бир топ эле бактылуубуз КР ди сагынсак барып келип иштей беребиз,а алар эч качан бара албайт!
09.11.2016. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynkatar03,Акаев Бакиевге тийишбей суйлосонор бир нерсе болосунарбы?Балашка эмне дегенин уккан эмес окшойсун.
08.11.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Достор ушундай кырдаалга мен дагы туш болдум. Мекендештерди коргондо суйуном, суйлошойун дейсин бирок корсо дагы кормоксон болуп же карап жылмайымыш болуп басып кетишет. Анан башкача болуп эле калып калам. Чогуу иштешкендер: "Карасан сеникилер го, кыргыздар го" десе, ооба кордум мейличи деп койом. Силер эмнеге бир биринер м.н суйлошпойсунор дешет анан. Кормоксон болуп жатса кантип суйлошмок элем дейм.
08.11.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карабаса карабасын тынч эле болсо болду кыргыздар!
08.11.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка жактарда адекваттуу эле болушат негизи. Москвада коркот киши . Жигиттер бир голодный , аялдар стерва болуп калган. Жейм жутам баса калсам, кызарганды жула каччудай болуп муноздору бир башкача озгоруп кеткен.
08.11.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы суйлосо жакшы жооп берем жаман суйлосо оздоруно жараша жооп берем.
09.11.2016. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда чет жерде журом откондо эки кыргыз эжелерди коруб суйунуб учурашыб койоун десем атыб ийчуудой болуб карашты эле кой деб бассыб кеттим (((
09.11.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо метродо кетип жатсам, бир чон эле киши калпак кийип алып отуруптур, мен ойлогом кандай азамат киши деп, бир маалда карасам жанында эки кыргыз аял мас болуп озун билбей уктап жатыптыр, озунун станциясында чыгып жатышып бутунда тура албай аран турушат, дагы ошол аялдардын 2 подружкасы бар экен, баары олгудой мас тобоооо, ушундай кыргыздардан мен деле уялам.
Wonderfullgirl түзөттү 2016-11-09 12:15:46
09.11.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wonderfullgirl,Ичсе да калпакты чечип коюп ичпейби дейм да
10.11.2016. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
200 сом бергем деп жаман көп берген го)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: