super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ыргал Кадыралиева "Бишкек 2" темир жол бекетинин абалы менен таанышып чыкты

 
Улуу жолдун башталышы...
Депутат Ыргал Кадыралиева жана тийиштүү жетекчилер бекетти текшерүү ишин баштоо алдында
Текшерүүнүн жүрүшү
Депутат айым Орусияга жөнөп жаткан жүргүнчүлөр менен баарлашууда
Бекеттеги маанилүү коноктор үчүн маектешүүчү бөлмө
"Эне жана бала" бөлүмү
Ооруп калган жүргүнчүлөр болсо, ушул бөлмөдө алгачкы жардам көрсөтүлөт
Ооруп калган жүргүнчүлөр болсо, ушул бөлмөдө алгачкы жардам көрсөтүлөт
Бажы көзөмөл бөлүмү
Чай үстүндөгү маек
Кош бол, Кыргызстан!
Поезддин ичиндеги 24 орундуу ресторан
Ресторандын ашканасы
Ресторандын ашканасы
Депутат менен Орусияга жөнөп жаткан жүргүнчүнүн кыска маектешүүсү
Кош бол, Кыргызстан!
Кош бол Кыргызстан!
Депутат жаш баласы менен Орусияга сапар тартып жаткан айымдын ал-абалын сурады
Кош бол, Кыргызстан!
Кош бол, Кыргызстан!
Кош бол, Кыргызстан!
Жүргүнчүлөр бир нече сутка ушул орунда болушат
Оор жүктөрдү жана таштандыларды чыгаруу
Поезддин бузулган тетиктерин ушинтип оңдошот
Поездди "жуунтуу" учуру
Поездди "жуунтуу" учуру
Катар тизилген вагондор...

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева "Бишкек 2" темир жол бекетинде болуп, ал жерден Орусияга сапар тартып жаткан кыргызстандыктар менен баарлашып, бекеттеги жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты менен таанышып чыкты. Эл өкүлү чет өлкөгө жөнөп жаткан айымдарга өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле Кадыралиева бекеттеги санитардык эрежелердин туура сакталышын да көңүлгө алды. “Жакында эле Орусия тараптын демилгеси менен Дүйшөмбү-Москва темир жол каттамы жабылды. Буга жүргүнчү ташыган поезддердин санитардык талаптарга жооп бербегени себеп болду. Бизге да ушундай мамиле болбосун, кыргызстандыктар мындай көйгөйгө туш келбесин деген ойдо бул жерге келдим. Негизинен жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жана санитардык абал жакшы экен, бирок мен анча канааттанган жокмун. Себеби карапайым калкты татыктуу тейлөөгө жетишпеген жагдайлар бар. Мисалы, жүргүнчүлөр кете турган поезддерде дааратканалардын абалы, тамактануучу жайлардын абалы начар экен, бирок биз күткөн абалдан алда канча жакшы экендиги мени кубантты. Орусиянын талаптарына жетишерлик деңгээлде жооп берет экен”,- деди эл өкүлү. Депутатты темир жол бекетинин жетекчилиги коштоп жүрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: